DOLON MEDIA

IPI уюму прокурордун 11 журналистти 6 жылдан абакка кесүү өтүнүчүн сындады

Баш кеңсеси Австриянын борбору Вена шаарында жайгашкан “Эл аралык басма сөз институту” (International Press Institute, IPI) уюму Кыргызстанда прокурорлор 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүү боюнча судьяга берген өтүнүчүн сынга алды. Уюмдун X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүндөгү билдирүүсүндө алардын ичинен абакта жаткан журналисттер бошотулушу керектиги жазылган. 26-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда 11 журналистке козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурумда прокурорлор менен адвокаттардын жана айыпталуучулардын жарыш сөзү бүттү. Кийинки соттук жараян 3-октябрга дайындалды. Анда журналисттер акыркы сөзүн сүйлөп, өкүм чыгат деп күтүлүүдө. Мамлекеттик айыптоочулар шектүүлөрдүн ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү жана эркиндикте жүргөн журналисттерди сот залынан камакка алууну сурады. Айыпталуучулардын адвокаттары журналисттерге коюлган кинелер тергөөдө жана сотто аныкталбаганын, кылмыш ишин козгоого негиз болгон материалдарга жасалган экспертизалардын корутундулары да туура эмес экенин айтышты. Журналисттер аларды кармоо учурунда укуктары бузулганын билдирип, эч кимди массалык башаламандыкка үндөбөгөнүн жана кесиптик ишмердиги менен алектенип келишкенин жүйө кылышты.

Ушул тапта төрт журналист – Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбеков эркиндикке чыккан. ИИМ “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларындагы массалык башаламандыкка чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагып келишет. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.