Жогорку Кеңешке №29 шайлоо аймагынан шайланып келген Гүлсүнкан Жунушалиева депутаттык мандатын тапшырууга арыз жазды. Анын арызы 16-мартта караларын Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) кабарлады. Ал Жогорку Кеңеш ишке киришкенде Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин төрайымы болуп шайланган. Бирок төрайымдыкты 12-февралда өткөрүп берип, анын ордуна Гүлкан Молдобаева шайланган.
Г. Жунушалиеванын ордуна парламентке аталган шайлоо аймагынан аялдар квотасы менен Алтынкүл Мырзакаимова келиши мүмкүн.
2025-жылы февралда Жогорку Кеңештин мурунку VII чакырылышына Гүлшаркан Култаеванын ордуна депутат болуп келген.
Ушуну менен Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын сегизинчи депутаты мандатын тапшырды – Элдар Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Кубанычбек Конгантиев, Курманкул Зулушев, Шаирбек Ташиев, Нурланбек Азыгалиев жана Гүлсүнкан Жунушалиева. Дагы бир депутат Жанарбек Акаев президенттин буйругу менен Ош шаарына мэр болуп дайындалган.



