DOLON MEDIA

“FLEX программасына катышкыла”- Альбина Акматказиева

Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Н. Жүндүбаева атындагы орто мектебинин окуучусу Альбина Акматказиева курбалдаштарын FLEX программасына катышууга үндөйт. Себебин ал бизге берген маегинде түшүндүрдү

FLEX прорграммасы

Мен Н. Жүндүбаева атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусумун, ошондой эле 2024-жылы FLEX тин финалистимин. Бул программага кантип кирдим? Ооба, FLEX ар дайым менин кыялым болчу, анткени менин агам да, эжем да бул программага катышып, бирок андан өтө алышкан эмес. Менин мектебимден дагы көптөгөн окуучулар бул программага катышып, айрымдары жеңүүчү болуп Америкада бир жыл окуп келишкен. Мен аларды дайыма карап суктанчумун, ошол себептен бул программага катышууну чечтим. Тогузунчу класста катыша баштадым. Биринчи турда үч эссе жазып, анкета толтурдум. Бул туру онлайн болду. Экинчи тур да онлайн режиминде өттү. Ал жерде англис тили боюнча тест тапшырышыбыз керек болчу, мен өтүп кетсем болобу, анан жарым финалга жыйынтык күтө баштадым. Жарым финалдын жыйынтыгы чыкты өткөн жылдын ноябрынын аягында чыкты Кубанычыма сөз жеткис мен жарым финалды да багынттым.

Кыялдар орундалат

Финалга өтүү үчүн Нарын шаарына бардык. Ал жактан англис тили боюнча тест тапшырып, эссе жаздык. Финалга катышаарда бир аз корктум, себеби башка да окуучулар көп болчу. Бирок коркуу менен бирге суктануу болду, биз бат эле тил табыштык. Барган күндүн эртеси финалдык интервью бердим, группага бөлүнүп оюн ойнодук, ал күндү абдан көнүлдүү өткөрдүм. Чынын айтсам аягында унутуп деле калдым окшойт. Себеби жакшы курбуларды таптым, бири бирибиз менен күн өткөргөн чын эле кызыктуу болду. Бирок кайра үйгө келгенде финалдын жыйынтыгын күтө баштадым. Акыры жыйынтыгы быйыл март айында чыкты. Билесиңерби сен финалга өттүң деп  телефон чалганда, мен абдан сүйүндүм. Мен бүт баарына жар салдым ананчы кыялдарым мектеп партасында эле орундалып баштаса, бул сонун да. Баары кубанышты, ата-энем өзгөчө кубанып, сыймыктанышты, ата-апамдар дароо Америкада окууга макул болушту. Мен көптөгөн документтерди чолулта баштадым атам апамдардын жардамы менен, оюмда Америкага барып окуу турду.

Америкага сапар

Америкага учуп кетишимди күтө баштадым, аябай чыдамсыздык менен күттүм, телефонумду өчүрчү эмесмин. Анан эле августтун аягында Америкага учуп кеттим. Ойлонуп көрсөм, үй-бүлөм кандай болот, ал жака кантип көнүп кетем деп ойлонбоптурмун да, коркпой эле учуп кете бердим. Мен жашоомдун бул жаңы этабына абдан кубанып, толкундандым, анткени мен ал жакка өз алдынча бара жаттым. Мен үчүн үстүмө үйрүлүп түшкөн апамдар айылда калды. Бирок мага кубанычтуу жана кызыктуу болду жана эч кандай коркуу жок болчу. Биринчи жолу самолетко түшүп болгондо да Американын  Орегон штатындагы кичинекей Макминвилл деген шаарга келдим, калкы 30 миң адам экен.

АКШдагы жашоо

Үй-бүлөм абдан жакшы болчу, анткени мен ал жакка учуп баратканда чемоданымды жоготуп алдым, анан мени урушат го деп корктум, биздикилер урушмак да, бирок алар тескерисинче мени  коркунучтуу эмес, чемоданың табылат, сенин күнөөң эмес деп ынандырышты жана менин чемоданым келгиче жаңы кийимдеримди сатып беришти.

АКШдагы үй-бүлөм

Менин америкалык үй-бүлөмдүн баалуулуктары биздикине окшош эле экен. Мисалы кечки тамакты ар дайым чогуу ичебиз, ал жактагы чоң апам менен чоң атам бизге жакын жашап көп келип турчу же болбосо биз аларга барып жардамдашып келчүбүз. Майрамдарды ар дайым үй-бүлөбүз менен чогуу тосчубуз.

Менин пикирим

Америкадагы адамдар аябай сүйкүмдүү жана меймандос болушат экен. Мисалы көчөдө кетип баратсаң мага сенин чыптымаң жакты кайдан алдың эле деп же болбосо сен абдан сулуу экенсиң деп суйлошуп кете беришет.

Мен бул программага катышып жаткандарга, катышуучуларга  чындыкты гана жазгыла жана ар дайым өзүңөргө ишеничтүү болгула деп айтат элем. Себеби менин оюмча бул нерселер силерди жеңишке алып келет.

Бул программага баардык окуучуларга катышып көр деп үндөйт элем. Себеби бул FLEX программасына көптөгөн амбициалуу адамдарды жолуктуруп, силер да кыялдарыңарга жетүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр ачылат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.