DOLON MEDIA

Евробиримдик Кытайдын электромобилдерине тарифти 45% жогорулатат

Еврокомиссияда 4-октябрда Кытайдын электромобилдери үчүн бажы бекетинде төлөнүүчү алым (пошлина) өлчөмүн жогорулатуу маселесине байланыштуу добуш берүү болду. Натыйжада Евробиримдиктин 27 өлкөсүнүн 10у «макул», бешөө «каршы» деген пикирин билдирди, 12си добуш берүүдөн карманды.

 

Мындай жыйынтык алымды жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Биримдиктин өкүлдөрү Кытай менен сүйлөшүүлөр дагы уланарын айтып жатканы менен жаңы тарифти быйыл ноябрдан тартып эле беш жылдык мөөнөткө киргизүү сунушталууда. Техниканын айрым түрлөрүн Кытайдан Европа Биримдигинин аймагына алып кирүүдө төлөнүүчү алым 45% чейин жогорулашы ыктымал. Еврокомиссия алымдын өлчөмүн чукул арада жогорулатуу чечимине бир топ айдан бери жүргүзүп келген Кытайда жасалган электромобилдер боюнча изилдөөсүнүн натыйжайсында келип олтурат. Изилдөөнүн жыйынтыгы мындай машина чыгарган компаниялар мамлекеттен өтө көп өлчөмдө жардам алып, электромобилдерин Европа Биримдиги аймагында арзандатылган баада сатып келатышканын көрсөткөн. Жаңы чечимге ылайык, тарифтер, негизги 10% тышкары, мисалы, Tesla компаниясы үчүн (Кытайда жасалган машиналарына) 7,8%, ал эми Еврокомиссиянын жогоруда аталган изилдөөсүнө катышуудан баш тартып койгон кытайлык компаниялар үчүн 35,3% чейин жогорулайт. Кытай Еврокомиссиянын бул чечимин сындап, жооп катары тийиштүү чаралар көрүлөрүн эскертти

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.