Ушул жылдын 18-ноябрынан 18-декабрына чейин Балыкчы-Кочкор унаа жолунун айрым тилкелери убактылуу жабылып турат. Бул тууралуу маалымат “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан алынды.
Маалыматка караганда, Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу долбоорунун алкагында аталган жолдун 39+90-чакырымынан 42+90-чакырымына чейин, Кубакы ашуусунун бурулушуна чейин, жол кыймылы бир ай бою жабып турат. Жолдун жабылышы курулуп жаткан темир жолдун 37-43 чакырымдарында жардыруу иштерине байланыштуу болууда. Жардыруу иштери дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү саат 8:00дөн 17:30га чейин жүргүзүлөт.
Айдоочулар жана жүргүнчүлөр жолго чыгууну пландаштырууда бул маалыматты эске алуулары зарыл!