DOLON MEDIA

Эскертүү: “Балыкчы-Кочкор” темир жолунун курулушунда жардыруу болот

“Кыргыз Темир Жолу Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы учурда “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” темир жолун куруу боюнча  жеринде тийиштүү иш-чараларды  жүргүзүүдө.

Долбоорго ылайык, “Балыкчы-Кочкор” темир жол тилкеси 37-чакырымдан 43-чакырымга чейинки аралыкта аска таштарды бойлоп өтөт. Ошондуктан курулуш иштеринде бургулоо жана жардыруу жумуштарын  жүргүзүү зарыл болот. Буга байланыштуу Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жардыруу тар шарттарда жүргүзүлөөрүн белгилеп, ага жакын аймактагы калктын коопсуздугун алдын алууну эскертип, тийиштүү органдарга тапшырма берди.

Маалыматка караганда, курулуп жаткан темир жолдун  белгиленген  (ПК 370 +00 –ПК 371 + 20)  тилкесинде бургулоо жана жардыруу иштери ушул жылдын 12-июль күнү  саат 13.00дөн саат 14.00го чейин жүргүзүлөт.

Жардыруу унаа жолго жана кабелдик байланыш линияларына жакын жерде, тар шарттарда  өткөндүктөн, ошол аймакта адамдардын коопсуздугун камсыздоо максатында  ар кандай болуп кетүү мүмкүнчүлүгү жогору кырсыктарды алдын алып, атайын блок постторду уюшутуруу тапшырылды. Ошондой эле жакын жайгашкан калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, байланыш каражаттарын үзгүлтүккө учуратпоо жагы эскертилди.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.