DOLON MEDIA

Эртеңден тартып аба-ырайы кескин өзгөрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка таянсак, 22-23-январь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүп, мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөп, айрым аймактарда туман түшүшү, өлкөнүн түштүгүндө зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү болушу мүмкүн.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Министрлик бул күндөрү зарылчылык болбосо, алыскы жолго чыгууну, тоодо эс алууну  токтото турууну жана сууктан сактанууну, сапарга чыгууда унаада  кышкы дөңгөлөк, чынжырча, күрөкчө, дары-дармек, ысык суу алууну эскертүүдө. Кырсык катталган учурда же жолдогу  абал боюнча 112 номерине байланышуу зарыл.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.