Өлкө боюнча Нарын шаарында биринчи жолу электр энергиясыз жана көмүр отунусуз жылуулук берүү ыкмасы тажырыйба катары ишке киргизилип, жылуулук системасын сыноо башталды. Ал үчүн “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 192 миллион 423 миң сом бөлүнгөн.
Долбоор алкагында М.Сыдыков чөлкөмүндөгү откана реконструкцияланып, жабдуулар 2500 кВт кубаттуулуктагы заманбап аба аркылуу иштей турган жылуулук насосторуна алмаштырылды. Учурда бул ыкма менен 800дөн ашык турак жайга жана 5 мекемеге жылуулук берилүүдө. Долбоордун ишке ашуусу менен электр жарыгы үнөмдөлүп, ишкананын чыгымдары 69 пайызга чейин азаят. Ошондой эле экологиялык жактан таза жана санариптик система менен башкарылып стабилдүү жылуулук менен камсыздай турган артыкчылыкка ээ.
Аталган чөлкөмдөгү электр отказандары 1987- жылы орнотулуп, эскилиги жеткен. Мындан улам 13 миллион 424 миң 634 кВт жылуулук энергиясы сарпталып чыгымдар көп болгон. Эми жаңы орнотулган жылуулук насостору 9 миллион 813 миң 834 кВт көлөмүндө электр энергиясын үнөмдөйт деп болжолдонууда.
Маалымат үчүн белгилесек, “Нарын жылуулук берүү” муниципалдык ишканасынын карамагында 30 откана бар. Бул отканаларда орнотулган 60 казан аркылуу 72 бюджеттик мекемелерге жана 2 миң 603 абонентке жылуулук берилет.




