DOLON MEDIA

Энергетиктер үчүн жаңы имарат салынат

Нарын шаардык электр тармактар ишканасына заманбап бардык шарты менен үч кабаттуу имараттын курулушу башталды. Имарат  “Кыргызстан улуттук электр тарамактар” ишканасынын  өздүк каражатынын эсебинен салынып, 55 миллион 200 миң сом жумшалат.

Буга чейин энергетиктер иштеп келген имарат эскилиги жетип, талаптарга жооп бербей калган. Эми жаңы имаратты беш айдын ичинде толук бүткөрүп  колдонууга берүү мерчемделип жатат. Ал коопсуз, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу, заманбап  шарттар менен жабдылып энергетиктердин  ишинин  натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө болот.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарын облусунда болгон жумушчу сапар алкагында,  имараттын курулушуна мезгил кутусун салды. Иш-чарага облус башчысы Алтынбек Эргешов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана энергетиктер катышты.

Өз кезегинде министр мырза быйыл Нарын облусунун энергетика тармагында 8 объекти куруу пландалып жатканына токтолуп, бийик тоолуу аймакта иштеп жаткан энергетиктердин иштөөсүнө зарыл болгон шарттарды түзүп берүү башкы максат экенин белгиледи. Ошондой эле катаал шартка карабастан күз-кыш мезгилинде калкты үзгүлтүксүз жарык менен камсыздап элди кыштан аман-эсен алып чыккан энергетиктерге ыраазычылык билдирип, жаңы имарат ак жолтой болушун тилек кылды.

“Экономиканын башатында энергетика турат. Энергетика болбосо экономиканын өнүгүшү кыйын. Ошого байланыштуу биз дагы Президенттин тапшырмасынын алкагында Нарын облусуна жаңы имараттарды курууну пландаштырдык.

Өткөн жылы  35  миң абонентке  электр энергия колдонуу көбөйдү. Ай сайын кошулуп жатат. Буга жараша биз дагы энергетиктерге шарт түзүп, жылуу кийим, жылуу унаа, керектүү тетиктер менен  убагында камсыздап турушубуз керек.

Энергетика тармагы өлкө башчынын көзөмөлүндө реформа жүрүп жатат, анын алкагында жоготуулар азайууда. Мунун бардыгы энергетиктердин эмгеги. Реформанын алкагында  тарифтер көтөрүлүүдө,  тариф саясатын түшүнүү менен кабыл алып жаткан элге  дагы ыраазычылык билдирем.

Тоолуу жана катаал шартта иштегениңерге карабастан элди кыштан амна-эсен алып чыкканыңар үчүн  ыраазычылык. Диспетчер, электромонтерлордун айлыктарын майдан баштап дагы 10 пайызга көтөрүп беребиз. Энергетиктер аткарган  ишине жараша айлык алышы зарыл”,-деди Т.Ибраев.

Ошондой эле ал кайсыл жерге күн энергиясынан, шамал энергиясынан, чакан же чоң ГЭС курулбасын алар чыгарган электр энергиянын бир пайызы социалдык жардам катары , ошол жердеги  жергиликтүү элге калааарын билдирип, энергетика тармагында аткарылып жаткан ири долбоорлорго токтолду.

“Жогорку Нарын” ГЭСтер каскадына инвесторлор көп, буюрса быйыл баштайбыз деген ойдобуз. “Куланак” ГЭСи буюрса 2027-жылы ишке кирет, “Ат-Башы” ГЭСин реконстурукциядан өткөрдүк. “Токтогул”  ГЭСинде реконструкция жүрүп жатат, быйыл төртүнчү агрегатын бүтүрөбүз. “Үч-Коргон” ГЭСинин экинчи агрегатын алмаштырып жатабыз.  Өзүңүздөр билгендей курулганына 50-60 жыл болгон ГЭстердин бардыгы бүгүнкү күнү жаңылануу үстүндө.

“Токтогул”  ГЭСи 1200  мегаватт  болсо реконстурукциядан кийин дагы 240 мегаватт, “Үч-Коргон”  ГЭСиндеги ар бир агрегатка 9 мегаваттан кошулуп жатат.

“Кабар-Ата-1” ГЭСине республикалык бюджеттен эки жылдын ичинде 4 миллиард  сом бөлүнүп берилди, ага даярдоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Долбоордун  кубаттулугу 1 миң 860 мегаватт. “Камбар-Ата-2” ГЭСи боюнча келишим түзсөк буюрса башталат. Энергетика тармагында жумуш токтогон жок. Кайсыл жерге күн энергиясынан, шамал энергиясынан, чакан же чоң ГЭС курулбасын алар чыгарган электр энергиянын бир пайызы социалдык жардам катары , ошол жердеги  жергиликтүү элге калат”,-деди министр.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.