Нарын облусунун аймагында өткөн жылы интернет желесин колдонуу аркылуу 58 алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Онлайн алдамчылыкка кабылгандар жалпы 7 миллион 714 миң 586 сомдук зыянга дуушар болушкан. Келтирилген чыгымдын 3 миллион 156 миң 244 сому өндүрүлүп, 35 фактынын бети ачылган.
Ал эми үстүбүздөгү жылдын эки айында 56 алдамчылык фактысы катталып, анын 13үнүн бети ачылган. Жети миллион сомдон ашык келтирилген чыгымдын бир миллион 200 миң сому өндүрүлдү. Мындан тышкары өткөн жылдан 23, быйылкы жылдын эки айынан 43 алдамчылыктын бети ачылбай турат.
Нарын облустук прокуратурасынан маалымдашкандай, кибер кылмыштуулуктун саны жылдан жылга өсүүдө. Интернет жана электрондук байланыш системалары аркылуу алдангандардын көбү Нарын шаарында катталууда.
Мындан улам алар облус аймагындагы укук коргоо органдары, Улуттук банктын Нарын облустук башкармалыгынын жана башка банк кызматкерлеринин катышуусунда кибер кылмыштуулук, алдамчылык фактыларын алдын алуу жана аларды болтурбоо максатында жыйын өттү.
Жыйындын жүрүшүндө күч алып жаткан кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү – бул жалпы коомчулуктун, укук коргоо органдарынын жана технология адистеринин биргелешкен аракеттерин талап кылган маселе экени айтылып, жарандардын интернет жана электрондук байланыш системалары аркылуу алданып калбашынын алдын алуу маселелери талкууланды. Ошондой эле укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоону жакшыртуу, ички ведомстволук көзөмөлдү күчөтүү, тергөө амалдарын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу жүргүзүү боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлду.



