DOLON MEDIA

Дөңгөлөк үстүндөгү театрга  88 жыл

М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу дарама театрына быйыл 88 жыл толот.

1937- жылы 5-октябрда Кыргыз ССРнин Эл Комиссарлар Кеңешинин  чечими менен Нарында колхоз- совхоз театры уюшулуп, эң алгачкылардан болуп  К.Токобаевдин  “Кайгылуу Какей”, 1938-жылы Ж.Турусбековдун “Ажал ордуна” музыкалуу спектакли коюлган.

1939-жылы Москвада болуп өткөн кыргыз адабияты менен искусствосу декадасынан кийин  Жумгал жана Нарын  колхоз – совхоз театрлары бириктирилип, облустук  драма театры түзүлгөн. Нарын театрынын эн алгачкы режиссеру А. Көбөгөнов дайындалып, Ж.Бөкөнбаевдин  “Токтогул”  аттуу драмасын, К.Эшмамбетовдун “Саринжи- Бөкөй” пьесасын, К. Маликов  менен  А.Куттубаевдин “Жаңыл” спектаклдери коюлуп, чыгармачылык дараметтери өсүү жолунда болду.

1941- жылы Пржевальский шаарындагы Ысык- Көл областтык Кыргыз драма театры  жоюлуп, Нарын театрына келип кошулат. Театрдын режиссеру болуп И.Көкөев, директору Г. Казыбаева дайындалат. Бул жылы К. Эшмамбетовдун «Кара- Туман» спектакли, К. Жантөшовдун  «Курманбек» спектакли коюлат.

1949-жылы облусттук  театрлар жоюлуп, 1958-жылы Нарын облустук театры кайрадан уюшулуп,  Тянь- Шань областтык музыкалык театры болуп аталат. Ага Ташкенттеги   А.Н.Островский атындагы театр жана сүрөт институтунун режиссерлук   факультетин бүтүруп келген М.Назаралиев башкы режиссер болуп дайындалган.

М. Назаралиев башкы режиссер болуп  дайындалгандан тартып Нарын театрынын чыгармачылык этабынын жаңы өсүшү мурдагыдан  айырмаланып, актерлордун чеберчиликтеринин калыптанышына жардам берген. Чыгармачылык курам бригадаларга бөлүнүп, көп учурда гастролдо жүргөндүктөн “Дөңгөлөк үстүндөгү театр” деп эл оозуна алынып калган. Көрүүчүлөрдүн талабын эске алган өзгөчөлүгү  орустун жана дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын театрдын  репертуарына киргизүү  М. Назаралиевдин  максаты болгон. Ошол себептүү театрдын репертуарына Ч. Айтматовдун, К. Жантөшовдун Т.Абдумомуновдун, Б.Жакиевдин, Б.Өмүралиевдин,  В. Островскийдин  Г. Гулямдын, М.Каримдин чыгармалары коюлган.

1962-жылы Жалал- Абад жана Ысык- Көл драма театрлары жоюлуп, бир топ таланттуу артисттер Нарынга келет. Бул жылдары Нарын театры чыгармачылык өсүү жолунда бир нече ийгиликтерге жетишет. Ал кезде театрда иштеген артисттик курам күчтүү келип, С.Сатыбалдиева, А.Жангорозова, Ж. Шералиев, С.Андабеков,  А.Куттубаев, С.Көмөчов, К.Медетбеков, Б. Алиев баш болгон профессионалдык жактан такшалган актерлор иштеген.

1970-жылы Тянь- Шань областтык музыкалуу драма театры деген статус алган.  1977-жылы театрдын 40 жылдык юбилейине карата  М. Рыскулов атындагы музыкалуу драма театры  статусун алып,  Өкмөт менен партия театрдын чыгармачылык ийгиликтерин жогору баалап, театрды Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин ардак грамотасы  менен сыйлады. Ошондой эле артисттер  К. Карасартовага, Г.Абдырахмановага,  А. Бердибаевге  «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти» деген наам ыйгарылган.  Б. Алиев «Кыргыз ССРинин Эл артисти» ардактуу наамга, театрдын режиссеру Э. Токтогулов «Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер» деген наамга ээ  болушкан.

1987- жылы Нарын театры Тбилиси,  Алма- Ата, Нукус, Москва шаарларында  спектаклдерди тартуулап  алкышка татыктуу болгон. Кыргыз театр өнөрүнүн өсүп өнүгүүсүнө  Нарын театрынын  кошкон салымы зор жана  репертуарынын бийиктиги башка театрлардан кем калган жок.

2007-жылдын октябрь айынан баштап «М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театры»  деген статуска ээ болгон.

Бүгүнкү күндө театрда жалпы 109 кызматкер эмгектенет. Алардын катарында  КР Эл артистери Бермет Өмүрова, Дамира Баратбаева, КР Эмгек сиңирген артисттери Асматжан Токтомушева, Кенжегул Мендебаиров, Сапина Көгөева, Канат Мамырканов, Жумакун Мадемилов, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлери Адылбек Кыязов, Бакытбек Тилекматов бар. Ошондой эле чыгармачыл курамдын көпчүлүгү “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээлери.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.