Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев 13-мартта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип жатканы кабарланды. Бирок кайсы иш боюнча экени белгисиз. ИИМ маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок.. Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Шаирбек Ташиевге байланышкан ар кандай видеолор чыгып жатат. 10-мартта социалдык тармактарда “Жусупбек Коргонбай уулу менен Шаирбек Ташиевдин кумаркана боюнча” сүйлөшүүсү делген тасма тараган. Эки мүнөттөн ашык видеодо Шаирбек Ташиевге окшош адамды көрүүгө болот. Анын маӊдайындагы адам Жусупбек Коргонбай уулу экени жазылган. Бирок анын бети-башы көрүнгөн эмес. Тасмада Жусупбек Коргонбай уулу делген киши Шаирбек Ташиев экени көрсөтүлгөн адамга казиного 1 млн 350 миӊ доллар уттуруп жибергенин айтып жатканын көрүүгө болот. Шаирбек Ташиев делген киши сумманы тактап, “1 млн 320 миӊ доллар” деген.



