DOLON MEDIA

Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка конкурс жарыяланды

Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка чыгармалар кабыл алына баштады. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти.

Маалым  болгондой, чыгармалар 20-марттан 20-майга чейин кабыл алынат. Конкурска 18 жаштан 45 жашка чейинки акындар катыша алышат. Баш байге ээсине 200 миң сом акчалай сыйлык жана Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты баральефи ыйгарылат. Ошондой эле башка номинация ээлери акчалай сыйлыктар, статуэтка жана атайын дипломдор берилет. Финалдык турга өткөн катышуучулар Ысык-Көл жээгинде жыл сайын өтө турган Чыныбай Турсунбеков алтынчы поэзия фестивалынын алкагында сыйланышат.

Уюштуруучу — Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд.

КР Жогорку Кеңешинин экс Төрагасы, саясатчы, акын, котормочу, илимпоз, ишкер Чыныбай Турсунбеков 2020-жылы COVID 19 каза болгон. Акыркы беш жылда анын атынан түзүлгөн фонд акындар арасында поэзия сынагын, жаш жеткинчектер, жаштар арасында эссе жазуу, көркөм окуу боюнча сынактарды уюштуруп келет.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.