DOLON MEDIA

Чүйдө алты баланын өмүрүн алган кырсык боюнча айдоочу кармалды

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Чүй облусунун Жайыл районунун Алтын айылында алты баланын өмүрүн алган автокырсык тууралуу маалымат берди. Облустук милициянын маалыматына караганда, кырсык 20-июнда Алтын айылынын түндүк тарабында жайгашкан №3 көлмөдө болгон. “Фольксваген Джетта” үлгүсүндөгү автоунаа көлмөгө түшүп кетип, алты бала каза тапкан.    Кара-Балта шаарынын 40 жаштагы тургуну 26 жаштагы жубайы, 1, 4, 6, 7 жаштагы балдары жана 27 жаштагы кайын эжеси жана анын 5, 6, 7, 9 жаштагы балдары менен жалпы 11 киши Алтын айылындагы №3 көлмөгө сууга түшүүгө келишкен. Айдоочу спирт ичимдигин ичип алып машинесин саат 18:30дарда айдап чыкканда дөңдөн оодарылып, сууга түшүп кеткен. Айдоочу, анын аялы жана кайын эжеси, дагы эки бала аман калып, калганы көлмөгө чөгүп кеткен.

Кырсыктан каза болгондордун тизмеси:

2015-жылы туулган Б.В.

2018-жылы туулган Б.А.

2019-жылы туулган Б.Д.

2016-жылы туулган Б.В.

2020-жылы туулган Б.Т.

2018-жылы туулган Б.К.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинни “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.