DOLON MEDIA

Улуттук баалуулук

Парламент тууну өзгөртүүнү колдоду

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алды. Документ жыйындын күн тартибине 5-маселе болуп киргизилген. Бирок 20-декабрда сессияда биринчи маселеге жылдырылды. Документке экинчи окууда 58 депутат “макул”, алты депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда 59 депутат долбоорду колдоп, беш депутат каршы чыкты. Жогорку Кеңештин …

Парламент тууну өзгөртүүнү колдоду Толугу менен »

Тууну өзгөртүү долбоору ЖК комитетине экинчи окууга киргизилди

Мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоору парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине экинчи окууга киргизилди. Документ комитеттин 19-декабрдагы жыйынында каралат. Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин билдирген. Мамлекет башчы залда отургандардан бул сунушту колдоп берүүнү суранып, делегаттардын айрымдары кол …

Тууну өзгөртүү долбоору ЖК комитетине экинчи окууга киргизилди Толугу менен »

Курултайда тууну өзгөртүү боюнча маселе көтөрүлдү

15-декабрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам долбооруна байланыштуу маселе көтөрүлдү. Баткен шаарынан келген делегат Жумабек Абдипатта уулу коомчулукта тууну өзгөртүү демилгеси боюнча кызуу талкуу уланып жатканын, президент Садыр Жапаров бул боюнча өз позициясын билдирүүсү керек экенин айтты. Мамлекет башчы желек боюнча пикирин билдирген жок. Ал эми курултайдын дагы бир делегаты Эльнура …

Курултайда тууну өзгөртүү боюнча маселе көтөрүлдү Толугу менен »

Бишкекте экинчи Элдик курултай башталды, ага нарындык делегаттар да катышууда

15-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында экинчи Элдик курултай башталды. Бул жолу курултайга 700 делегат келди. Анын ичинен 640 киши Кыргызстандын аймактарынан, 30 адам этностук өкүлчүлүктөрдөн, 30 делегат чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан шайланышты. Курултайда 695 делегат катышып жатат.Нарын облусунан квота менен 8 делегат шайланган. Алардын ичинен 6 делегат жарыш сөзгө,1 делегат Улуттук  кеңешке, 1 …

Бишкекте экинчи Элдик курултай башталды, ага нарындык делегаттар да катышууда Толугу менен »

Нарында Адабият күнү белгиленди

12-декабрь өлкөбүздө Адабият күнү катары белгилүү, бул күн Нарын облусунда да белгиленди. Аны менен катар залкар жазуучу Ч. Айтматов көзүү тирүү болгондо быйыл 95 жашка чыкмак. Буга улай Нарын облустук М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрында Жаш артисттердин аткаруусунда Айтматовдун каармандары менен “Мен жашагым келет” атуу иш чара өткөрүлдү. Жаш артисттер булар Нарын районундагы …

Нарында Адабият күнү белгиленди Толугу менен »

ЖК комитети тууну өзгөртүү долбоорун биринчи окууда колдоду

28-ноябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Документ эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат. Долбоордун авторлорунун бири, депутат Улан Примов баяндама жасап, азыркы желектеги күндүн нурун күн карама деген сыяктуу түрдүү сөздөр айтылып келатканын билдирип, аны өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөнүн айтты. Желекти өзгөртүү …

ЖК комитети тууну өзгөртүү долбоорун биринчи окууда колдоду Толугу менен »

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 13,98 чакырымы макулдашылды

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын дагы 13,98 чакырымы макулдашылды. Бул макулдашуу 12-18-октябрь күндөрү Тажикстандын Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусунда кабыл алынган. Анын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди. Тараптар эми калган тилкелер боюнча сүйлөшүүнү Кыргызстанда өтө турган жолугушууда …

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 13,98 чакырымы макулдашылды Толугу менен »

Өнөр- Мурас кароо сынагынын женүүчүлөрү аныкталды

Кочкор районунда Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдыгына арналып уюштурулган “Өнөр- Мурас” республикалык кароо сынакта улуттук аспаптар боюнча биринчи орунду Ысык-Көл облусунан келген Эрбол Жакшылыков женип алып 25 мин сом менен сыйланды. Улуттук салттуу ырлар номинациясы боюнча Бишкек шаарынын атынан катышкан Акмарал Эркинбек кызы 25 мин сом,  дастанчылык өнөр боюнча Бишкек шаарынан келген Азамат Асанбек …

Өнөр- Мурас кароо сынагынын женүүчүлөрү аныкталды Толугу менен »

Ат чабыштын алдынкыларын Президент сыйлады

2-октябрда Кочкор районунда кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө чон салым кошкон Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдыгын респубоикалык денгээлде белгиленди. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров да катышты. Мааракеде кунан чабыш, жорго салуу жана аламан ат чабыш болду. Аламан байгеде биринчи болуп Каракыз аттуу күлүк келди, аттын ээси Н. Керимбеков, чабандес Дөөлөт Тополонбаев байгеге Бишкек шаарынан эки бөмөлүү …

Ат чабыштын алдынкыларын Президент сыйлады Толугу менен »

“Ормон Хан” сейил багы капиталдык ремонттон өттү

13 гектар жерди ээлеген “Ормон Хан” сейил багы, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөго чон салым кошкон, 19-кылымды Кыргыз курултайын өткөрүп, Хан болуп шайланган Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесине карата 36 млн 845 мин сомго капиталдык ремонттон өттү. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Жаныланып бүгүн ачылган сейил бакта 7 дубандын ордолору тигилип, “Этно аллеясы”, “Өнөр Мурас”аянттары уюштурулуп, …

“Ормон Хан” сейил багы капиталдык ремонттон өттү Толугу менен »