Ат-Башы: Унутта калган азыктар көргөзмөдө
Кыргыз элинин унутта калып бараткан “Көжө”, “Эжигей”, “Той шербет”, “Калыгул жарма”, “Шырылдак сорпо”, “Жуурат” деген улуттук тамак-аштары жана суусундуктары Босого жайлоосунда өткөн “Кыргыз даамы-2024” этнофестивалы алкагында көргөзмөгө коюлуп калыстардын сынынан өттү. Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү Ырысбүбү Мөндүрбаева былтыркы жылга караганда быйыл сынакка катышкандар изденип, улуттук тамак-аштардын изилдеп, унутта калып бараткандарын жасап келгенге аракет …