DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

Кыргызстанда 2025-жылдагы ыйык Рамазан айы 1-мартта башталат.

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматына таянсак,  28-февралда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат. Мусулмандар  рамазан айында бир ай орозо кармайт. Орозо Айт майрамы менен жыйынтыкталат. Быйыл Орозо айы 29 күнгө созулуп,  Айт намаз 30-мартта окулат. Орозо – милдеттүү адамдардын атайын ниет менен таң аткандан күн батканга чейин жеп-ичүүдөн жана напси кумарларынан өзүн-өзү тыюусу. Рамазан …

Кыргызстанда 2025-жылдагы ыйык Рамазан айы 1-мартта башталат. Толугу менен »

Нарын шаарынын бюджети 270 миллион сом менен бекиди

Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги отуруму өтүп, күн тартибинде 14 маселе каралды. Негизги маселе калаабыздын бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгү талкууланып, бюджети 270 млн сом менен бекиди. Бул каражат өткөн жылга салыштырмалуу 13 млн сомго көп. Бирок, ошол эле учурда киреше салыгынын 20 млн сому республикалык бюджетке кетип, транспорт салыгы жокко чыгарылгандыктан жергиликтүү бюджеттен 30 млн сом кыскарып …

Нарын шаарынын бюджети 270 миллион сом менен бекиди Толугу менен »

Кыргызстанда 6 миңден ашуун бош жумуш орундары бар

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, республика боюнча 6 305 бош жумуш орундар бар. Анын ичинде жумушчу адистиктерге суроо-талап басымдуулук кылат. Бүгүнкү күнгө чейин расмий жумушсуздуктун деңгээли республика боюнча 1,8% ды түзгөн. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында эсепте турган жумушсуздардын саны 69,3 миң адам. Расмий катталган жумушсуздардын саны 49,8 миң адам. Ал эми …

Кыргызстанда 6 миңден ашуун бош жумуш орундары бар Толугу менен »

Ар бир мектепте психолог болушу керек

Ар бир мектепте психолог болушу керек. Бул тууралуу эл өкүлү Элдар Абакиров бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, азыр балдарды колдоо абдан маанилүү. “Балдардын кандай көйгөйлөрү бар экенин биле албайбыз. Муну адистер билишет. Ошондуктан ар бир мектепте психологдор болуп, балдар менен иштеши керек”, – деди ал. Эл өкүлү ошондой эле өкмөттөн балдар үчүн …

Ар бир мектепте психолог болушу керек Толугу менен »

Нарын шаарынан 13 чакырым жол асфальтталат

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун колдоосу менен президенттик фонддон Нарын шаарынын 13 чакырым ички көчөлөрү асфальтталат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы жарыялап, ички көчөлөрдү оңдоо долбоорун улантуу үчүн 93 млн 600 миң сом акча каражаты  бөлүнгөнүн кабарлады. Маалым болгондой, бүгүн, 24-февралда калаа башчы  Канболот Тутуев асфальтто 39 ички көчөнү оңдоого пландоо, тактоо, уюштуруу иштерин …

Нарын шаарынан 13 чакырым жол асфальтталат Толугу менен »

Жолчулар жаңы техникалуу болушту

Нарын облусундагы жол тейлөө мекемелери жаңы 73 техникалуу болушту. Мамлекет тарабынан алынган атайын техникалар, бүгүн, 24-февралда Жол тейлөө ишканаларына тапшырылды. Алардын арасында асфальт-бетон завод дагы бар. Ал Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 405-чакырымына коюлат. Быйыл облус боюнча 100 чакырымдай жолду асфальтто пландалууда. Анын ичинде  Нарын-Баетов жолунун 46 чакырымы бар. Ошондой эле Нарын шаарынын борбордук жолу, ички жолдор, …

Жолчулар жаңы техникалуу болушту Толугу менен »

21-февраль-Эл аралык эне тил күнү

Бүгүн, 21-февраль- Эл аралык эне тил күнү. Бул күн ЮНЕСКО Эл аралык уюмунун генералдык конференциясында 1999-жылы эне тидин эл аралык майрам күнү катары белгилөө каралып, 2000-жылдан тарта белгиленип келет. Эл аралык эне тил күнү майрам катары тандалып алынышынын себеби 1952-жылы  21-февралда Бангладештин борборунда студенттер эне тилинин мамлекеттик тил болушун талап кылышып көтөрүлүшкө чыгышып, полиция кызматкерлеринин …

21-февраль-Эл аралык эне тил күнү Толугу менен »

Таштандылар таңгакталып, кайра иштетүүгө жөнөтүлө баштады

Нарын шаарында таштандыларды таңгактоочу эки жабдуу алынып, анын бири орнотулуп иштеп жатат. Бул жайда таштандылар  иргелип желим баштык, бөтөлкөлөр, кагаздар таңгакталган соң, Бишкек шаарындагы таштандыны кайра иштетүүчү ишканага жөнөтүлүүдө. Нарында экологиялык таза ишкердикти өнүктүрүү максатындагы “Жашыл бизнес мектеби” долбоору Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында ишке ашууда. Анда экологиялык жактан туруктуу бизнести өнүктүрүүнү көздөгөн Шахаб …

Таштандылар таңгакталып, кайра иштетүүгө жөнөтүлө баштады Толугу менен »

Ак-Талаа: Мектептеги камераларды ИИМ көзөмөлүнө алат

Билим берүү мекемелериндеги видеокамераларды  эми Ички иштер министрлиги көзөмөлдөйт. Мындай маалыматты балдар арасындагы  жана үй-бүлөдөгү балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу максатында өткөн жыйында айтылды. Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Бакыт Кылычбек уулунун айтымында,  учурда мектеп, бала бакчаларда видеокамералардын маркалары такталууда. “Кибер коопсуздукту алдын алуу максатында билим берүү мекемелериндеги видеокамераларды  Ички иштер министрлигине …

Ак-Талаа: Мектептеги камераларды ИИМ көзөмөлүнө алат Толугу менен »

Интернет алдамчыларынын сак болуңуз!

Ар дайым маалыматты расмий булактардан текшерип көрүңүз! Акыркы убакыттарда интернет булактары аркылуу алдамчылык кылмышы көбөйүп жаткандыгына байланыштуу жарандарыбызды сак болууга чакырабыз! Бул кылмыштуу аракет интернет тармактарын жана технологияларды колдонуп жарандарды алдап, алардын жеке маалыматтарын, акчасын же мүлкүнө ээ болунуу көздөшүп ар кандай ыкмалар менен калп маалыматтарды таратып кооптуулук жаратышууда. Ушундан улам интернет алдамчыларынын алдын алуу …

Интернет алдамчыларынын сак болуңуз! Толугу менен »