DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

Ат-Башы: Босогодо кыргыз салттары көргөзүлдү

“Тушоо кесүү”, “Келин алуу”,”Бала бешикке” салуу сыяктуу кыргыз салттары Босого жайлоосунда өтүп жаткан кош фестиваль алкагында көрсөтүлдү. Алсак, Ат-Башы районундагы беш айыл өкмөтү “Тушоо кесүү”, “Келин алуу”, “Бала бешикке” салуу сыяктуу беш салтты  көрсөтүп, келген меймандардан бата алышты. Ошондой эле бул салттар жана беш бармак даярдоо калыстардын санына коюлду. Бул салттар Босого жайлоосунда өткөн “Кыргыз …

Ат-Башы: Босогодо кыргыз салттары көргөзүлдү Толугу менен »

Ат-Башы: Унутта калган азыктар көргөзмөдө

Кыргыз элинин унутта калып бараткан “Көжө”, “Эжигей”, “Той шербет”, “Калыгул жарма”, “Шырылдак сорпо”, “Жуурат” деген улуттук тамак-аштары жана суусундуктары Босого жайлоосунда өткөн “Кыргыз даамы-2024” этнофестивалы алкагында көргөзмөгө коюлуп калыстардын сынынан өттү. Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү Ырысбүбү Мөндүрбаева былтыркы жылга караганда быйыл сынакка катышкандар изденип, улуттук тамак-аштардын изилдеп, унутта калып бараткандарын жасап келгенге аракет …

Ат-Башы: Унутта калган азыктар көргөзмөдө Толугу менен »

Эскертүү: “Балыкчы-Кочкор” темир жолунун курулушунда жардыруу болот

“Кыргыз Темир Жолу Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы учурда “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” темир жолун куруу боюнча  жеринде тийиштүү иш-чараларды  жүргүзүүдө. Долбоорго ылайык, “Балыкчы-Кочкор” темир жол тилкеси 37-чакырымдан 43-чакырымга чейинки аралыкта аска таштарды бойлоп өтөт. Ошондуктан курулуш иштеринде бургулоо жана жардыруу жумуштарын  жүргүзүү зарыл болот. Буга байланыштуу Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жардыруу тар шарттарда жүргүзүлөөрүн белгилеп, ага …

Эскертүү: “Балыкчы-Кочкор” темир жолунун курулушунда жардыруу болот Толугу менен »

Ат-Башы: Босогодо эки фестиваль

13-июль күнү Ат-Башы районунун Босого жайлоосунда “Кыргыз көчү-2024″ туристтик жана “Кыргыз даамы-2024” этно-фестивалы өтөт. Учурда ага карата даярдык иштери жүрүүдө. Фестиваль алкагында  ата-бабадан келе жаткан кыргыз көчүнүн маанисин жана кыргыз даамдарынын  чагылдырган театралдаштырылган оюн-зоок менен ачылат. Ошондой эле райондогу айыл өкмөттөр арасында улуттук оюндар боюнча турнирлер жана конкурстар өтөт. Иш чара атамекендик өндүрүшчүлөрдүн, улуттук даамдардын, …

Ат-Башы: Босогодо эки фестиваль Толугу менен »

Жумгал: Жапайы кара куурайлар өрттөлдү

Жумгал районунда өскөн жапайы 4 тонна 700 килограммдай кара куурай өрттөлүп жок кылынды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат катчысы Кундуз Эсенгулова билдрди. Анын айтуусунда,  өлкө боюнча жүрүп жаткан  “МАК-2024”  алкагында баңги заттарды мыйзамсыз сактоого, жүгүртүүгө жана таратууга каршы күрөшүү максатында аталган райондо өскөн жапайы кара куурайлар өрттөлдү. Мындан тышкары  Кабак жана Миң-Куш  айылдарына атайын посттор …

Жумгал: Жапайы кара куурайлар өрттөлдү Толугу менен »

Кочкор: ЖРТдан жогорку упай алган бүтүрүүчүнүн мектебине унаа берилди

Жалпы республикалык тесирлөөдөн Кочкор району боюнча 13 окуучу 200 баллдан  ашык упай топтошкон. Бүгүн, 8-июлда  Кочкор айылындагы  “Чолпон”  кинотеарында  салтанаттуу иш чара уюштурулуп, аларга Ыраазычылык кат жана Мактоо баракчалары тапшырылды. Ал эми И.Арабаев мектеп гимназиясынын бүтүрүүчүсү Раяна Чолпонкулованын мектебине жеке ишкер тарбынан автоунаа белекке берилсе, өзүнө миң доллардын сертификаты тапшырылды.  Ал төрт жыл бою тынбай …

Кочкор: ЖРТдан жогорку упай алган бүтүрүүчүнүн мектебине унаа берилди Толугу менен »

Нарын: 129 уй  союлуп, жок кылынды

Нарын районунда жыл башынан бери 129 уйдан бруцеллез ылаңы табылып, алар ветеринардык эреженин негизинде союлуп жок кылынды. Бул тууралуу маалымат Нарын райондук ветеринардык башкармалыгынан алынды. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери бруцеллезго карата серологиялык изилдөөгө 5 миң 537 уйдан кан алынып Ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборуна жөнөтүлгөн.  Анын жыйынтыгы менен Дөбөлү айыл аймагынан 14, Чет-Нурадан …

Нарын: 129 уй  союлуп, жок кылынды Толугу менен »

Нарын: Кайрымдуу бол калайык!

Калктын аярлуу катмарын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо менен жашоосун жакшыртуу максатында Миң-Булак айыл аймагындагы  муундар аралык “Элден элге ” акциясы уланууда. Бул жолу 1979-жылы төрөлгөн айыл тургундары  дагы бир үй-бүлөгө  музоолуу уй алып беришти. Кезек 1977-жылы төрөлгөндөргө өткөрүлүп берилди. Айыл өкмөттөн билдиришкендей,  өткөн жылы айыл өкмөт башчы тарабынан демилгеленген бул акция элеттиктер тарабынан …

Нарын: Кайрымдуу бол калайык! Толугу менен »

Кочкор: Селдин кесепеттери жоюлууда

“Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №14-Жол тейлөө мекемеси тарабынан  Нарын облусунун Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун 0-15 чакырым  аралыгында жүргөн кыян-селдин кесепеттерин жоюу, жолду калыбына келтирүү иштери аткарылууда. Жеринде 300 м3 кум шагыл тартылып, бир суу өткөрүүчү түтүк калыбына келтирилди. Ошондой эле, 4-чакырымында  жолдогу суулар агуучу арык (кювет) жана 13- чакырымында жол тасмасы калыбына келтирилди.  

Жумгал: Сел коркунучтары алдын алынууда

Жумгал районунун үч айылында сел коркунучтарын алдын алуу иштери жүрүүдө. Тагыраагы,  Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айылдарындагы  сел жүрүү коркунучу бар аймактарда сел сууларын алдын алуу үчүн каналдарды казуу, бөгөт тосмолорун түптөө жана саздак жерлерге дренаждарды казуу иштери жүрүп жатат.   Райондук администрациядан билдиришкендей, бул жумуштар “Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу” долбоорунун алкагында ишке ашууда. Долбоор Чаек айыл …

Жумгал: Сел коркунучтары алдын алынууда Толугу менен »