DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

Орусия окуу жайларына кыргызстандык студенттер үчүн 700 орун бөлдү

Россиянын жогорку окуу жайларына 2025-2026-окуу жылына карата документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги билим жана маданият борбору билдирди. Маалыматка ылайык, окутуу Россия өкмөтүнүн квотасынын алкагында өтүп, абиттуриенттер үчүн акысыз. Кыргыз жарандары бакалавриат, магистратура, аспирантура, ординатура жана кошумча кесиптик билим берүү программаларына тапшыра алышат. Абиттуриенттер бюджетке тапшыруу, ЖОЖдордогу билим берүү программалары, профессионалдык өсүү мүмкүнчүлүктөрү …

Орусия окуу жайларына кыргызстандык студенттер үчүн 700 орун бөлдү Толугу менен »

Шайлоо-2024: Талапкерлерди каттоо мөөнөтүнүн бүтөөрүнө 6 күн калды

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүү үчүн Ак-Талаа районунда 21 шайлоо тилкеси дайындалды. Аларда  шайлоочулардын тизмеси илинди жана шайлоочулар өздөрүнүн аты-жөнүн, дарегин 1-ноябрга чейин такташы зарыл. Ак-Талаа райондук аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Белек Байышбековдун айтканына караганда бул шайлоодо талапкерлердин катышуусу солгун. 10-октябрга карата 26 гана талапкер шайлоого катышуу боюнча билдирүү беришти. Ал эми мандаттын саны 74. Алсак, …

Шайлоо-2024: Талапкерлерди каттоо мөөнөтүнүн бүтөөрүнө 6 күн калды Толугу менен »

Теңиртоолук тарбиячылар байгелүү кайтышты

Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өткөн  республикалык сынакта Нарын облусунан катышкан тарбиячылар үчүнчү байгелүү орунду камсыздашты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. “Жылдын мыкты тарбиячысы” номинациясы боюнча  Ат-Башы районунун “Казыбек-Жеткинчек” бакчасынын тарбиячысы  Айзада Мырзабекова, “Жылдын мыкты усулчусу” номинациясы боюнча Нарын шаарындагы №1 “Ата-Түрк” атындагы бала …

Теңиртоолук тарбиячылар байгелүү кайтышты Толугу менен »

Нарын: Аз камсыз үй-бүлөлөргө 50 тонна көмүр түштү

Нарын районунда 10 миң 242 түтүн  аз камсыз, жардамга муктаж үй-бүлө бар. Алар үчүн айыл өкмөттөр күз-кыш мезгилине көмүр отунун жеткирип берет. Бүгүнкү күнгө карата  Жан-Булак жана Миң-Булак айыл өкмөттөрүндөгү үй-бүлөлөргө 50 тонна көмүр  таратылып берилди. Маалымат үчүн айтсак, быйылкы күз-кыш мезгилине  районго жалпы 17 миң 359 тонна кара алтын керектелет. Мунун ичинен  13 миң …

Нарын: Аз камсыз үй-бүлөлөргө 50 тонна көмүр түштү Толугу менен »

Жумгал: Күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык,бүгүн, 23-сентябрда саат 05:34тө Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына менен очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган (энергетикалык класс К=7.9). “Жер титирөө Нарын облусунун Жумгал районунун Кызарт, Жумгал айылдарында 3 баллга (Кызарт айылынан 3 чакырым чыгышта, Жумгал айылынан 3 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар …

Жумгал: Күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды Толугу менен »

23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү

Бүгүн, 23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнү. Бул күн облустагы бардык окуу жайларда, китепканаларда, мекеме-ишканаларда жана мектептерде салтанаттуу белгиленип жатат. Алсак, С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасы “Кыргыз тилим-көөнөрбөс дилим” деп аталган китеп көргөзмө уюштуруп, жалпы коомчулук үчүн китепкана алдында көркөм окууларды өткөрүштү. Китепкананын тейлөө бөлүмүнүн башчысы Бурул Мураталиеванын айтуусунда, жаштар арасында  кыргыз тилинде классикалык жана тарыхый  чыгармаларды окугандар …

23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү Толугу менен »

Ат-Башы: Малчылардын көйгөйү чечилди

Малчылардын көйгөйүнө айланган Жаңы-Жер жайлоосуна көпүрө жана жол салынды. Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер жайлоосуна бара турчу жол жана  көпүрө салынып, колдонууга берилди.  Бул үчүн Казыбек айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1 миллион  200 миң сом бөлүнгөн. Ал эми Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан керектүү курулуш материалдары берилип, куруу жумуштарын  Казыбек-Кара-Коюн муниципалдык ишканасы жүргүздү. Салынган жолдун узундугу …

Ат-Башы: Малчылардын көйгөйү чечилди Толугу менен »

Жаңы алынган электро бустар 19-августтан тарта каттамга чыгат

Нарын шаарында коомдук унааны өнүктүрүү максатында сатылып алынган электробустар  19-августтан баштап  каттамга чыгат. Бүгүн, 15-августа автобустардын ачкычын айдоочуларына облус жетекчиси Алтынбек Эргешов, калаа башчысы  Канболот Тутуев тапшырып, коомдук транспорт элге кызмат кылган акжолтой болушун тилек кылышты. Буга чейин электробустарды токтотуучу жайы даярдалып, айдоочулар окутулуп жана кубаттай турган станциясы орнотулган. Маалымат үчүн белгилесек, коомдук унаалар 66 …

Жаңы алынган электро бустар 19-августтан тарта каттамга чыгат Толугу менен »

Нарын:Техника сатып алууда мамлекетке 4 миллион сом зыян келтирилген

Нарын районундагы Чет-Нура  айыл өкмөтүнүн балансына оор техника сатып алууда мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын районунун прокуратурасы тарабынан “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы текшерилди. Анда Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалынан кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып же болбосо башка адамга пайда …

Нарын:Техника сатып алууда мамлекетке 4 миллион сом зыян келтирилген Толугу менен »

Ак-Талаа: Султан Соң-Көлдү алты саатта сүзүп өттү

Спортсмен Жумабек уулу Султан Соң-Көл көлүн 6 саатта сүзүп өтүп, жалпы 11,5 чакырым аралыкты багынтты. Ал  “Ворлд Класс” фитнес клубунун мүчөсү.Бул тууралуу Ак-Талаа райондук администрациядан билдиришти. Анын  Соң-Көл көлү аркылуу сүзүп өтүүсүн уюштурууга жана коопсуздугун камсыздоого райондук администрациясынан, райондук ички иштер бөлүмүнөн, райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун тез жардам бөлүмүнөн тиешелүү кызматкерлер жана  №16- Нарын …

Ак-Талаа: Султан Соң-Көлдү алты саатта сүзүп өттү Толугу менен »