DOLON MEDIA

Коом

Нооруз майрамынын негизги иш-чаралары Нарында өтөт

Быйыл Нооруз майрамынын негизги иш-чаралары Нарын шаарында өтөт. Президент Садыр Жапаровдун майрамдык салтанатка катышуусу күтүлүүдө. Президенттин аймактагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, майрамдык иш-чара саат 11:00дө Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта башталып, негизги маданий иш-чара өтөт. Расмий бөлүктөн кийин, саат 12:30дан 14:00гө чейин коноктор түшкү тамактан ырахат алышат, ал учурда салт боюнча баарына жазгы даамдуу …

Нооруз майрамынын негизги иш-чаралары Нарында өтөт Толугу менен »

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Бул жылдын 18- 23-март күндөрү туруксуз аба ырайына байланыштуу кар көчкү түшүү ыктымалдуулугу жогору. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эскертет: Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305 чакырымдарына кар көчкү тушүүсү мумкүн, бул жол Кара-Үңкүр тилкесине тиешелүү. Айдоочуларды  унаалардын ортосундагы 500 м аралыкты сактоосу зарыл.

Гүлсүнкан Жунушалиева депутаттык мандатын тапшырууга арыз жазды

Жогорку Кеңешке №29 шайлоо аймагынан шайланып келген Гүлсүнкан Жунушалиева депутаттык мандатын тапшырууга арыз жазды. Анын арызы 16-мартта караларын Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) кабарлады. Ал Жогорку Кеңеш ишке киришкенде Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин төрайымы болуп шайланган. Бирок төрайымдыкты 12-февралда өткөрүп берип, анын ордуна Гүлкан Молдобаева шайланган. Г. Жунушалиеванын ордуна парламентке …

Гүлсүнкан Жунушалиева депутаттык мандатын тапшырууга арыз жазды Толугу менен »

Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт

16-18-март күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 17-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоо этектерде жана тоолуу …

Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт Толугу менен »

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу убактылуу жабылып, кар көчкүлөр түшүрүлөт

2026-жылдын 14-мартында саат 14:00дөн 18:00гө чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 294-304-чакырымдарында (Кара-Үңкүр капчыгайы) кар көчкү коркунучун алдын алуу максатында кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Буга байланыштуу аталган тилкеде унаа кыймылы убактылуу жабылат. Айдоочуларды түшүнүү менен мамиле жасап, коопсуздук эрежелерин так сактоону жана мүмкүн болсо, бул убакытта жолдун …

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу убактылуу жабылып, кар көчкүлөр түшүрүлөт Толугу менен »

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов дүйнө салды

Кыргыз эл жазуучусу, публицист, коомдук ишмер Кеңеш Жусупов 13-мартта дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргызстандын Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев Фейсбукка жазды. Маркум 1937-жылы Нарын облусундагы Эчки-Башы айылында туулган. 1954-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетине тапшырып, өтпөй калат. Эки жыл «Коммунизм» колхозунда колхозчу, китепканачы, комсомолдук уюмдун катчысы болуп иштеген. 1956-жылы жат жазууну мыкты жазганынын аркасы менен …

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов дүйнө салды Толугу менен »

Депутат К. Зулушев мандатын тапшырууга арыз жазганы айтылууда

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өздүк булактарына таянып жазып чыкты. Депутаттын өзү комментарий бере электиги да кошумчаланган. Депутаттын арызы Боршайкомдун 13-марттагы жыйынында каралат. Курманкул Зулушев 54 жашта. 1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган. Прокуратура тармагына 2000-жылы келген жана 2007-жылга чейин Нарын, Чүй …

Депутат К. Зулушев мандатын тапшырууга арыз жазганы айтылууда Толугу менен »

М. Рыскулов атындагы облустук театрга жаңы көркөм жетекчи келди

Тиешелүү министрликтин буйругуна ылайык Ишенбек Аманжолов бул кызматка 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды. 32 жаштагы И. Аманжолов жогорку билимдүү, Кыргызстанда, Россияда билим алган. Бакен Кыдыкеева жаштар театрында артист, Капар Медетбеков атындагы Талас облустук театрында режиссер болуп иштеген. Үстүбүздөгү жылдын 10- мартынан баштап Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрына көркөм жетекчи болуп …

М. Рыскулов атындагы облустук театрга жаңы көркөм жетекчи келди Толугу менен »

Депутат Шаирбек Ташиев ИИМде сурак берип жатканы айтылууда

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев 13-мартта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип жатканы кабарланды. Бирок кайсы иш боюнча экени белгисиз. ИИМ маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок.. Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Шаирбек Ташиевге байланышкан ар кандай видеолор чыгып жатат. 10-мартта социалдык тармактарда “Жусупбек Коргонбай уулу менен Шаирбек Ташиевдин кумаркана боюнча” сүйлөшүүсү …

Депутат Шаирбек Ташиев ИИМде сурак берип жатканы айтылууда Толугу менен »

Садыр Жапаров жабыр тарттым деген ишкерлердин иши кайра каралаарын билдирди

Жогорку Кеӊештин депутаты Элвира Сурабалдиева 11-мартта парламенттин президент Садыр Жапаров катышкан жыйынында мурда-кийин ар кандай кылмыш иштери менен кармалган ишкерлер боюнча маселе көтөрдү. Ал бирок бизнесмендер укук коргоо органдарына арыз жазуудан чочулап жатышканын билдирди. “УКМК мамлекетке өткөн мүлктөрдүн тизмесин жарыялашы керек. Ишкерлерден канча мүлк алынды, алардын канчасы өз эрки менен өттү жана канчасы мажбурлоо жолу …

Садыр Жапаров жабыр тарттым деген ишкерлердин иши кайра каралаарын билдирди Толугу менен »