DOLON MEDIA

Коом

Нарында 2005-жылы ВИЧтин алгачкы учуру катталган

Нарын облусунда СПИД илдетинин  биринчи учуру 2005-жылы табылган. Андан бери бул оору менен 297 бейтап катталып,  76сы  каза болгон.  Ал эми  ушул жылдын 1-декабрына карата жаңы 26 учур  табылган. Бул тууралуу Нарын облустук кан аркылуу жугуучу  вирустук гепатиттерди жана АИВди көзөмөлдөө борборунун директору  Айнагүл Бектурсунова билдирди. Анын айтымында, 2005-жылдан бери катталган учурлардын  46сы  бангизатын колдонгондор …

Нарында 2005-жылы ВИЧтин алгачкы учуру катталган Толугу менен »

Ат-Башы: 30 миңдей мал эмдөөдөн өткөрүлдү

Ат-Башы районунда эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо  жана  мал ылаңдарын алдын алуу багытында жасалып жаткан иштер боюнча штабдын жыйыны өтүп, анда бруцеллёз, сибирь жарасы сыяктуу  жугуштуу ооруларды алдын алуу, ага каршы эмөө жүргүзүү, ветеринардык-санитардык эрежелердин сакталышы тууралуу  маалыматтар айтылып, алдын алуу талкууланды. Отурумда калк арасында оорулардын тобокелдик факторлорун азайтуу, жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча айыл тургундарына …

Ат-Башы: 30 миңдей мал эмдөөдөн өткөрүлдү Толугу менен »

“Айкөл Манас” алтын коллекциясы жүгүртүүгө чыкты

Кыргызстандын Улуттук банкы бүгүн, 2-декабрдан тарта “Айкөл Манас” алтын коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарды. Банктан билдиришкендей, монеталар элдик оозеки чыгармачылыкты жайылтуу, кыргыз элинин маданий мурасын сактоо жана жайылтуу максатында жүгүртүүгө киргизилүүдө. “Айкөл Манас” монетасынын алдыңкы бетинде ак мөңгүлүү Ала-Тоонун алкагында соот кийип, Аккула атын чаап бараткан Манас баатырдын образы чагылдырылган. Монетанын жогорку бөлүгүндө: «Айкөл Манас / …

“Айкөл Манас” алтын коллекциясы жүгүртүүгө чыкты Толугу менен »

Нарын шаардык кеңешинин төрагасы шайланды

Бүгүн, 29-ноябрда Нарын шаардык кеңешине жаңы шайланып келген 31 депутат экинчи сессияга чогулду. Сессия улуу депутат Амантур Төрөгелдиевдин төрагалыгы алдында өтүп, анда Нарын шаардык кеңешинин төрагасын жана анын коомдук башталыштагы орун басарларын шайлоо боюнча эки маселе каралды. “Нарын деми” көпчүлүк коалициясынан төрагалыкка Чынтемир Муканбетжусупов, “Биримдик” коалициясынан Алмаз Сурановдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Алгач бул кандидаттар сөз сүйлөп …

Нарын шаардык кеңешинин төрагасы шайланды Толугу менен »

Нарын: Билим уяга компьютер алынды

Шоро айылындагы С.Мамбетов атындагы орто мектебинин информатик Т.Тыналиев атындагы компьютердик классы жаңы жабдуулар менен камсыздалды. Алсак, 16 компьютер принтери менен сыналгы  жана 16 отургуч сатылып алынган. Бул үчүн 800 миң 52 сомдук долбоор “Теңир Тоо”  өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланса, жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле  мектеп жамааты дагы колдоо көрсөтүшкөн.

Нарын: Элеттеги ФАП ремонттолду

Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Шоро айылында фельдшердик-акушердик пункт капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Капиталдык оңдоп-түздөө жумуштарына  АРИС уюмунун АИД-3 кошумча каржылоо долбоорунан 1 млн 683 миң 881 сом каржыланган. Мунун ичинен 327 468 сому жергиликтүү бюджеттин өздүк салымы. Анын ачылышына катышкан, район акими Нуридин Мадимаров  акыркы жылдары саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, алыскы аймактагы калктын …

Нарын: Элеттеги ФАП ремонттолду Толугу менен »

Ак-Талаа: Окуучуларга автобус берилди

Тоголок-Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылындагы А.Абдраимов атындагы орто мектепке  18 орундуу чакан мектеп автобусу берилди. Маалыматка караганда, окуучулар үчүн унаа КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы №712-тескемесинин негизинде “Евразия” эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү автономдуу коммерциялык эмес уюмунун 100 бирдик санындагы мектеп автобусун акысыз өткөрүп берүү максатында берилди.

Жумгал:  70 миллион сомго милициянын райондук бөлүмү курулду

Жумгал райондук  ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу аяктап, колдонууга берилди. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Республикалык бюджеттин эсебинен 70 миллион сомго салынган имарат эки кабаттан туруп, ичи санариптештирилип жаңы техникалар менен жабдылып, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар каралган. Алсак, жаңы имаратта жарандарды кабыл алуу, укук бузууларды иликтөө, ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүү  …

Жумгал:  70 миллион сомго милициянын райондук бөлүмү курулду Толугу менен »

Алп акын Арстанбек!

Нарын шаарындагы  №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде чыгаан акын, комузчу, ойчул, күүчү, обончу Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына карата “Алп акын Арстанбектин талантына таазим” деген темада шаардык деңгээлде семинар өттү. Анда акындын терме жана санат ырларындагы адап-ахлак, тарбия маселеси боюнча ачык сабактар, көркөм казынасы боюнча “Билерман ордо” интеллектуалдык сынагы,  чыгармачылыгына …

Алп акын Арстанбек! Толугу менен »

Нарында пара спорту боюнча спартакиада өтөт

Нарын облустук дене-тарбия жана спорт башкармалыгы Нарын райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби менен биргеликте алгач ирээт республикалык деңгээлде параспартакиадасын уюштурушууда. Ал 3-декабрь-Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында өтмөкчү. Спорттук иш-чарага 7 дубандагы спорт сүйүүчүлөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Спартакиада 1-декабрь жекшемби күнү Нарын шаарындагы “Газпром балдарга” спорт комплексинде спорттун  пара шахмат,стол үстүндөгү теннис, шашки …

Нарында пара спорту боюнча спартакиада өтөт Толугу менен »