DOLON MEDIA

Коом

 Балыкчы-Кочкор унаа жолу жабылат. Себеби…

Бүгүн, 27-декабрдан баштап Балыкчы-Кочкор унаа жолунун айрым тилкелери жардыруу иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. “Кыргыз темир жолу”  мамлекеттик ишканасынын билдирүүсүнө ылайык, “Балыкчы-Кочкор” темир жол куруу долбоорунун алкагында долбоорлонгон темир жол тилкесинин 37-чакырымдан 43-чакырымга чейинки аралыгы аска таштарды бойлоп өткөндүктөн, бургулоо жана жардыруу иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу  2024-жылдын 27-декабрынан баштап 2025-жылдын 27-январына чейин Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 39+90-чакырымынан …

 Балыкчы-Кочкор унаа жолу жабылат. Себеби… Толугу менен »

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууда 1 миңден ашуун жумуш орду түзүлөт

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруунун жана эксплуатациялоонун бардык этаптарында 1 миңден ашуун жумуш орду түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абадда өтүп жаткан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземинде билдирди. Анын айтымында, бул өлкөнүн социалдык жана экономикалык абалына оң таасирин тийгизет. “Кыргызстан үчүн бул долбоор көп кырдуу мааниге …

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууда 1 миңден ашуун жумуш орду түзүлөт Толугу менен »

500гө жакын милиция жана элдик кошуундар коопсуздукка тартылат

Ушул жылдын  30-декабрынан баштап 2025-жылдын 2-январына чейин  Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жана райондук, шаардык  бөлүмдөрү жаңы жылга карата күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Коомдун коопсуздугун сактоодо жалпы 500дөй тартип сакчылары жана элдик кошуундар тартылат. Бүгүн, 27-декабрда Нарын ОИИБнын, шаардык жана Нарын райондук бөлүмүнүн өздүк курамы, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү, Күзөт кызматынын …

500гө жакын милиция жана элдик кошуундар коопсуздукка тартылат Толугу менен »

Мергенчилер ок атуу боюнча сабактан өтүштү

Нарын шаарындагы мергенчилерге ок атуу боюнча сабак өтүлдү. Нарын шаардык ички иштер бөлүмү калаадагы  мергенчилер менен жолугушуу уюштуруп, ок атуу боюнча сабактарды өткөрдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, иш-чаранын алкагында мергенчилерге ок атуучу куралдарды сактоо жана алардын колдонуу мөөнөттөрүн узартуу боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле, куралдарды пайдаланууда жана сактоодо коопсуздук чараларын …

Мергенчилер ок атуу боюнча сабактан өтүштү Толугу менен »

Окуучулардын кышкы каникулу 15 күнгө созулат

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын кышкы каникулунун мөөнөтүн жарыялады. Маалыматка ылайык, 2024-2025-окуу жылынын окуу планына ылайык, мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 30-декабрда башталып, 2025-жылдын 12-январына чейин созулат. Балдар 13-январда мектепке бара баштайт.

“Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмдун эки мүчөсү камакка алынды

Нарын шаарында “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун эки мүчөсү кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Нарын ОИИБнын Экстремизмге жана мыйзымсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы  жана УКМКнын Нарын облусундагы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн жашаган үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөн. …

“Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмдун эки мүчөсү камакка алынды Толугу менен »

Борбордук аянтка  балаты орнотулуп 100 миң сомго кооздолду

Нарын шаарынын  Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтына  Жаңы жылдык балаты тигилип кооздолду. Балаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2019-жылы 1.5 миллион сомго сатылып алынган. Анын туурасы 4,5 метр болсо, бийиктиги 12 метрди түзүп, быйыл алтынчы ирет орнотулуп жатат. Нарын шаардык мэриясынын маалымат катчысы Нурзада Мукашова быйыл балаты кооздогонго  жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом сарпталган.

“Долон медиа” уюму медиасабаттуулук боюнча окууларын баштады

Нарындагы “Долон медиа” уюму АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосунда “Медиа лаборатория” долбоорун ишке ашырууда. Анын алкагында 15 жаштан 25 жашка чейинки жаштарга  медиасабаттулук жана журналистиканын негиздери боюнча үч айлык окууларын баштады. Окуунун медиа тренери, белгилүү журналист  Марат Токоев  алгачкы окууда жаңылык деген эмне, аны жазуунун, маалыматтардын чын-төгүнүн аныктоонун ыкмалары, маалымат алууда жана жазууда сабаттуу болуу тууралуу …

“Долон медиа” уюму медиасабаттуулук боюнча окууларын баштады Толугу менен »

Өкүл балдардын балаты майрамына 570 миң сом бөлдү

Бүгүн, 26- декабрда  М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында Президенттин  Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Жаңы жылдык баласы өттү.  Ага көп балалуу аз камсыз, колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн, ата-эне камкордугунан ажыраган, майыптыгы бар жана окуусунан, спорттон ийгилик жараткан  260 бала чакырылган. Өкүлдүн резервдик фондунан 370 балага жаңы жылдык белектер даярдалган. Бул үчүн 570 …

Өкүл балдардын балаты майрамына 570 миң сом бөлдү Толугу менен »

Ак-Талаа: Сафлордон өсүмдүк майы алына баштайт

Ала-Буга айыл аймагына 1 млн 262 миң сомго сафлор өсүмдүгүнөн май сыгуучу жана чыпкоолочу жабдык алынды. Айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Нуралиевдин айтымында, станок айыл өкмөттүн алдындагы муниципалдык ишканага өткөрүлүп берилет. “Жылдан жылга дыйкандардын сафлорго кызыгуусу артып, сафлор айдап башташты. Бирок, сафлорду айдаган менен, аны иштетүүчү ишкана болбогондуктан дыйкандарга кыйынчылык туудурган. Аларга  шарт түзүп берүү максатында …

Ак-Талаа: Сафлордон өсүмдүк майы алына баштайт Толугу менен »