DOLON MEDIA

Дүйнө

Израил Газадагы согуштук аракеттерди убактылуу токтотушу мүмкүн

Израил барымтадагылардын бошотулушу үчүн Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди 42 күнгө токтотушу мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди. Анын айтымында, ошол эле маалда АКШ менен Европа биримдигинде террордук уюм деп табылган ХАМАС тобуна каршы операция улантылат. “Израил барымтадагы адамдарды кайтаруу үчүн согуштук аракеттерди 42 күнгө токтотушу мүмкүн. Бирок биз согушту токтото албайбыз. Ирандыктар жана …

Израил Газадагы согуштук аракеттерди убактылуу токтотушу мүмкүн Толугу менен »

Bild: Иран Орусияга алгачкы жолу жаңы үлгүдөгү авиабомбаларды берди

Иран алгачкы жолу Орусияга жаңы, башкарылуучу авиабомбаларды берди. Бул тууралуу Bild басылмасы өзүнүн аскердик талдоочусу Юлиан Рёпкеге шилтеме кылып кабарлады. 25-майда Курск облусунда Иран өндүрүшүндөгү Mohajer-6 учкучсуз учуучу аппараты кулап түшкөн жерде тартылган видеону анализдеп чыккан Рёпканын пикиринде, ал дрондун бортунда Ирандын Qaem-5 үлгүсүндөгү жаңы, башкарылуучу авиабомбасы болгон. Болжол менен ал учкучсуз учуучу аппарат Украинанын …

Bild: Иран Орусияга алгачкы жолу жаңы үлгүдөгү авиабомбаларды берди Толугу менен »

БУУ Газа тилкесиндеги Рафахта азык-түлүк бөлүштүрүүнү убактылуу токтотту

БУУ коопсуздуктан жана гуманитардык жардамдын жетишсиздигинен улам Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында азык-түлүктү бөлүштүрүү ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу уюмдун Палестин качкындарына жардам көрсөтүү боюнча Жакынкы Чыгыштагы агенттиги “X” социалдык түйүнү аркылуу билдирди. Эл аралык коомчулуктун эскертүүлөрүнө карабай, Израил армиясы май айынын башынан бери Рафахта аскердик аракеттерди жүргүзүп, абадан айрым турумдарга сокку уруп келет. БУУнун …

БУУ Газа тилкесиндеги Рафахта азык-түлүк бөлүштүрүүнү убактылуу токтотту Толугу менен »

Норвегия, Испания, Ирландия Палестинаны мамлекет катары тааныйт

Норвегия, Ирландия жана Испания 22-майда Палестинаны мамлекет катары тааный турганы жөнүндө билдирүү таратышты. Бул кадамды Израил дароо сынга алып, газалыктар кубатташты. Норвегиянын өкмөт башчысы Йонас Гар Стере “тааныбаса, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнобостугун” билдирди. Маалыматка караганда, чечим 28-майдан баштап күчүнө кирет. Израилдин тышкы иштер министри Ирландия менен Норвегиядагы элчилерин кеңешүү үчүн деген негизде токтоосуз чакыртты. Учурда …

Норвегия, Испания, Ирландия Палестинаны мамлекет катары тааныйт Толугу менен »

АКШ Эл аралык кылмыш сотунун Нетаньяху менен Галантты камакка алууга ордер берүү чечимин сындады

АКШ президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен коргоо министри Йоав Галантты камакка алуу боюнча Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун чечимин сындады. Бул тууралуу Байдендин Ак үйдүн сайтына жарыяланган билдирүүсүндө айтылат. 20-майда Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну, коргоо министри Йоав Галантты, ошондой эле ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук …

АКШ Эл аралык кылмыш сотунун Нетаньяху менен Галантты камакка алууга ордер берүү чечимин сындады Толугу менен »

Иранда беш күндүк аза күтүү жарыяланып, президенттин кызматын аткаруучу дайындалды

Иранда президенттин жана бир катар жетекчилердин өмүрүн алган окуядан кийин аза күтүү күндөрү жарыяланып, мамлекет башчынын милдетин аткаруучу дайындалды. Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи бүгүн 20-майда беш күндүк аза күтүү жарыялап, маркумдардын жакындарына көңүл айтты. Анын билдирүүсүн мамлекеттик телеканалдын алып баруучусу окуп берди. Хаменеи ошондой эле биринчи вице-президент Мохаммад Мохберди президенттин кызматын аткаруучу кылып …

Иранда беш күндүк аза күтүү жарыяланып, президенттин кызматын аткаруучу дайындалды Толугу менен »

С. Жапаров: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл башталат

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Оштогу сапарында айтты. Мамлекет башчы учурда өлкө темир жол логистикасында туңгуюк абалда турганын, кыргыз ишкерлери дүйнөгө Казакстан жана Орусиянын темир жолу аркылуу гана чыгып жатканын белгиледи. Жапаров “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп алса, бул кыргыз мамлекети үчүн чоң жол болорун” билдирди. Кыргызстандын аймагы …

С. Жапаров: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл башталат Толугу менен »

Актёр Жерар Депардье ыдык көрсөтүү иши боюнча кармалды

29-апрелде Парижде сексуалдаштырылган зомбулукка байланышкан эки айыптоо боюнча сурак берүү үчүн франциялык актёр Жерар Депардье кармалды. Актёрго каршы арыздардын бирин 2014-жылы анын ассистенти болуп иштеген аял (ал кезде 24 жашта болчу) жазган. Ал Депардьени тасма тартуу учурунда аны “кармалаган жана ылайыксыз сөздөрдү айткан” деп айыптаган. Экинчи арызды 53 жаштагы сүрөтчү-коюучу жазып, Депардье ага 2021-жылы тасма …

Актёр Жерар Депардье ыдык көрсөтүү иши боюнча кармалды Толугу менен »

Казакстан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чыгымдарын кыскартат

Казакстан келерки жылы өтүүгө тийиш болгон “Келечектин оюндары” деген эл аралык спорттук мелдешин 2026-жылга жылдырды. Мындай чечим суу ташкынына байланыштуу  каржылык үнөмдөө зарылдыгынан улам кабыл алынганы айтылды. “Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу жана жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү үчүн каражаттарды үнөмдөө максатында имидж түзүүчү жана башка ири иш-чаралардан баш тартууга буйрук берди”, – …

Казакстан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чыгымдарын кыскартат Толугу менен »

Иранда белгилүү рэпер өлүм жазасына кесилди

Иран бийлиги белгилүү рэпер Томаж Салехини өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу шаршембиде Reuters агенттиги билдирди. Салехи 2022-2023-жылдары жапырт нааразылык акцияларына катышканы үчүн жазаланууда. Артист ырларында жана эл алдында сүйлөгөн сөздөрүндө митингчилерди колдогон. Салехи 2022-жылы октябрда камакка алынган. 2023-жылы Ирандын Жогорку соту аны алты жыл үч айга эркинен ажыраткан. Бирок Исфахан шаардык соту Жогорку …

Иранда белгилүү рэпер өлүм жазасына кесилди Толугу менен »