DOLON MEDIA

Дүйнө

АКШ президенти Дональд Трамптын ант берүү аземи өтөт

Бүгүн, 20-январда АКШ президенти Дональд Трамптын ант берүү аземи өтөт. Расмий түрдө Трамп АКШнын 47-президенти болуп калмакчы. Буга чейин ал АКШнын 45-президенти катары 2017-жылдан 2021-жылга чейин кызматта болгон. Ант берүү иш-чарасы Американын ABC, CBS, CNN, CSPAN, Fox News өңдүү ири телеканалдар аркылуу түз алып көрсөтүлөрү айтылды. Вашингтондо өтө турган инаугурацияга атайын чакырылган коноктор жана 200 …

АКШ президенти Дональд Трамптын ант берүү аземи өтөт Толугу менен »

Нарында тергөө абагында 26 айыпталуучу жана соттолуучу бар

Нарындагы  тергөө абагында учурда абакта 26 айыпталуучу жана соттолуучу бар, алардын экөө аял жана бирөө өспүрүм. Тергөө абагы 40 адамга ылайыкташтырылган. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Нарындагы жумушчу сарпар алкагында тергөө абагына барып, анда кармалып тургандардын абалынан кабар алып, шарттарын көрдү. Акыйкатчы институтунан маалымдашкандай, анда Жамиля Жаманбаева ар бир камерага кирип, кармалып тургандар менен баарлашты. Алардын бирөө …

Нарында тергөө абагында 26 айыпталуучу жана соттолуучу бар Толугу менен »

Түркия Кыргызстандын тышкы карызын кечти

Түркия Кыргызстандын тышкы карызын кечкени эки тараптуу алаканы өнүктүрүүгө салым кошот. Бул тууралуу саясат таануучу, Евразия стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Бакыт Жумагулов “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, Түркия Кыргызстандын тышкы карызынын 62 млн долларын кечти. Бул каражат экологиялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталат. “Эгемен Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгына ээ болгондугун биринчилерден болуп тааныган. Себеби Советтер Союзунун …

Түркия Кыргызстандын тышкы карызын кечти Толугу менен »

Президент эл аралык форумга катышуу үчүн Түркмөнстанга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен Ашхабад шаарына жөнөп кетти.   Өлкө башчысы түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумуна катышат.

Евробиримдик Кытайдын электромобилдерине тарифти 45% жогорулатат

Еврокомиссияда 4-октябрда Кытайдын электромобилдери үчүн бажы бекетинде төлөнүүчү алым (пошлина) өлчөмүн жогорулатуу маселесине байланыштуу добуш берүү болду. Натыйжада Евробиримдиктин 27 өлкөсүнүн 10у «макул», бешөө «каршы» деген пикирин билдирди, 12си добуш берүүдөн карманды.   Мындай жыйынтык алымды жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Биримдиктин өкүлдөрү Кытай менен сүйлөшүүлөр дагы уланарын айтып жатканы менен жаңы тарифти быйыл ноябрдан тартып эле …

Евробиримдик Кытайдын электромобилдерине тарифти 45% жогорулатат Толугу менен »

ЮНЕСКО Борбор Азиядагы коруктардын абалына тынчсызданды

ЮНЕСКО жана Жаратылышты коргоо эл аралык бирикмеси Дүйнөлүк жаратылыш мурастарына кирген Батыш Тянь-Шандын аймагындагы жерлерди чарбалык максатта колдонуу күч алганына тынчсыздануусун билдирди. Мындай билдирүү эки уюмдун өкүлдөрүнүн Кыргызстанга, Өзбекстанга жана Казакстанга биргелешкен сапарынан кийин жарыяланды. “Чек арасыз дарыялар” коомдук фондунун сайтына чыккан маалыматка караганда, эл аралык уюмдар аймактагы үч өлкөдөгү айрым долбоорлорду жаратылышка “кооптуу” деп …

ЮНЕСКО Борбор Азиядагы коруктардын абалына тынчсызданды Толугу менен »

Нью-Йорк мэри мыйзамсыз иштерге шектелип жатканы кабарланды

АКШда Нью-Йорктун мэри Эрик Адамс мыйзамсыз иштерге шектелип жатканы 25-сентябрда белгилүү болду. Буга чейин шаардын тарыхында кызматтагы мэр кылмышка айыпталган окуя болгон эмес. Расмий маалымат жарыялана элек. Бирок Нью-Йорктун федералдык прокуратурасы соңку бир жылдан бери мэрдин жакын кеңешчилеринин жана жардамчыларынын айрымдары, анын арасында коопсуздук маселелери боюнча орун басарына карата иликтөө жүргүзүп келе жатканы белгилүү. Бир …

Нью-Йорк мэри мыйзамсыз иштерге шектелип жатканы кабарланды Толугу менен »

Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Президенттин басма сөз кызматы Антониу Гутерриш Кыргызстан тоо демилгелерин ишке ашыруу боюнча Борбор Азияда өзгөчө орунду ээлеп, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана климаттык долбоорлор чөйрөсүндө лидерлик позицияны ээлөө үчүн олуттуу потенциалы бар экенин айтканын билдирди. Садыр Жапаров Кыргызстан …

Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту Толугу менен »

Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 200 млн юань грант берет

Кытай кайтарымсыз негизде Кыргызстанга 200 млн юань грант бөлөт. Буга байланыштуу макулдашууга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев менен Кытайдын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Луо Чжаохуэйдын Пекиндеги жолугушуусунда кол коюлду. Тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгы, эки өлкө ортосундагы долбоорлордун аткарылышы тууралуу сүйлөшкөн. …

Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 200 млн юань грант берет Толугу менен »

Россияда мыйзамыз жүргөн мигранттарга балдарын мектепке киргизүүгө тыюу салынат

Россияда мыйзамсыз мигранттардын реестри түзүлөт, аларга балдарын мектепке жана бала бакчага киргизүүгө, ошондой эле банк кызматтарын колдонууга жана коомдук транспорт менен жүрүүгө тыюу салынат. Ички иштер министринин орун басары Александр Горовой реестрге жогорудагы бардык чектөөлөр киргизилерин билдирди. 2024-жылдын 1-декабрынан тарта Москванын аэропортторунда чет элдиктердин сүрөтүн жана манжа изин идентификациялоо боюнча эксперимент башталат. Бул долбоор башка …

Россияда мыйзамыз жүргөн мигранттарга балдарын мектепке киргизүүгө тыюу салынат Толугу менен »