DOLON MEDIA

Чарба

Нарын шаарында гүлдөр өстүрүлөт

Нарын шаарына гүлдөр май айында отургузула баштайт. Мурда гүлдөрдүн көчөттөрү башка шаарлардан сатылып алынып келүүчү. Буга байланыштуу айрымдары жергиликтүү климаттык шартка ылайыкташпай соолуп да калчу. Быйыл гүлдүн уруктары Нарын шаарындада өстүлүп баштайт. Бул үчүн Нарын шаардык жашылдандыруу муниципиалдык ишканасынын эки кызматкери Каракол шаарына барып атайын окуудан өтүп келишти. Жыйынтыгында шаардык бюджеттен 170 миң сом бөлүнүп, …

Нарын шаарында гүлдөр өстүрүлөт Толугу менен »

Энергиясыз жылуулук берүү тутуму сыноодон өтүүдө

Өлкө боюнча Нарын шаарында биринчи жолу электр энергиясыз жана көмүр отунусуз жылуулук берүү ыкмасы тажырыйба катары ишке киргизилип, жылуулук системасын сыноо башталды. Ал үчүн “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 192 миллион  423 миң сом бөлүнгөн. Долбоор алкагында М.Сыдыков чөлкөмүндөгү откана реконструкцияланып, жабдуулар 2500 кВт кубаттуулуктагы заманбап аба аркылуу иштей турган  жылуулук насосторуна алмаштырылды. Учурда бул ыкма …

Энергиясыз жылуулук берүү тутуму сыноодон өтүүдө Толугу менен »

Февраль айынан баштап Кыргызстанга гүл көп ташылууда

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 4 миллион даан гүл импорттолду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдап, февралдын башынан бери алып келинген гүлдүн саны январдагы көрсөткүчкө караганда 31% көп болгонун белгиледи. Маалыматка ылайык, эң көп ташылган гүл – роза. 1-февралдан бери өлкөгө 3,56 млн даана роза алып келинген. Андан кийинки орундарда орхидея, хризантема, лилия жана гвоздика гүлдөрү турат. …

Февраль айынан баштап Кыргызстанга гүл көп ташылууда Толугу менен »

Кыргызстанда шарп ылаңы катталган, бирок абал туруктуу

Кыргызстандын айрым аймактарында шарп ылаңынын жаңы түрү катталган. Бирок ага карабай өлкө боюнча эпизоотиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринардык кызматынын зоо эпизоотияга каршы көзөмөл башкармалыгынын инспектору Кемелбек Абдылүсөнов “Азаттыкка” 3-мартта билдирген. Ал бардык райондорго вакцина жеткирилип, ылаң аныкталган жерлерде ветеринарлар эмдөө иштерин жүргүзүп жатканын белгиледи. …

Кыргызстанда шарп ылаңы катталган, бирок абал туруктуу Толугу менен »

Куланак ГЭСи 2027-жылы ишке берилет

Нарын облусунун Нарын районундагы Куланак айылында 2022-жылы курула башталган Куланак ГЭСи келээрки жылы пайдаланууга берилээри пландалууда. Учурда плотина, суу өткөрүүчү бетон конструкциялар, суу кирүүчү каналдын суу алгычы жана бетондон дубалы курулууда. Куланак ГЭСинин курулушу менен 100 МВт же 435 млн кВт саат электр энергиясы өндүрүлүп, эки миңдей жумушчу орундары түзүлөт деп болжолдонулууда. Курулушу 100 млн …

Куланак ГЭСи 2027-жылы ишке берилет Толугу менен »

Нарында күн батареясы  менен сугат суу чыгарылды

Нарын  районуна караштуу Чет-Нура айыл өкмөтүнүн  Ак-Булуң айылында  күндөн энергия алуучу 42 батарея орнотулуп,  сугат суу чыгарылды. Бул Кыргызстандагы экинчи долбоор. Долбоор Ага Хан өнүктүрүү фондунун каржылоосунда ишке ашып, 3 миллион 500 миң сом каржыланган. Ошондой эле айыл өкмөттөн 50 миң, айылды өнүктүрүү фондунан 100 миң сом бөлүнүп, жалпы элдин жана айыл өкмөттүн муниципалдык ишканасынын …

Нарында күн батареясы  менен сугат суу чыгарылды Толугу менен »

Кытайга алгач дан эгиндери экспорттолот

18-мартта Кытай Эл Республикасынын Кызылсуу-Кыргыз автономдуу округундагы Улугчат шаарында Кыргызстандын ири көзөмөл кампасы ачылды. Бир миллион тонна көлөмдөгү товар бата турган кампага алгач дан эгиндери ташылат. Бул тууралуу МинКабдын төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри  Бакыт Төрөбаев  Нарында болгон иш сапарында билдирди. Ал бул долбоор регионалдык экономиканы, айыл чарбасын …

Кытайга алгач дан эгиндери экспорттолот Толугу менен »

Ат-Башы: Жарманкеде арашан кой 10 миң долларга бааланды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда арашан койлордун республикалык жарменкеси өтүп, анда арашан тукумундагы  койдун эң жогоркусу 10 миң долларга бааланды. Аталган жарманке сандан сапатка өтүү максатында райондук бийликтин демилгеси менен уюштурулуп,  жалпы 500дөн ашуун кой көргөзмө сатыкка чыгарылды. Районундук айыл чарба департаментинин башчысы Кенжебек Качкынбаевдин айтуусунда, элди асыл тукум койлорду багууга кызыктыруу, малдын асылдуулугун көтөрүү максатында …

Ат-Башы: Жарманкеде арашан кой 10 миң долларга бааланды Толугу менен »

Теңиртоолуктар жырткычтардан 23 миллион сом зыян тартты

Нарын облусунда жырткыч жаныбарлар  элге 23 миллион сомдон ашык чыгым алып келди. Нарын облусу боюнча өткөн жыл ичинде  64 уй, топоз,  148  жылкы, 220 тай  жана 214 кой, эчки карышкырга жем болуп, мындан улам  теңиртоолуктар 23 миллион 139 миң сомдук зыян тартышкан. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, атайын түзүлгөн иш- чаралардын негизинде жана мергенчилердин …

Теңиртоолуктар жырткычтардан 23 миллион сом зыян тартты Толугу менен »

Өлкөдө айыл чарба азыктарын өндүрүү көлөмү жогорулады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстанда эт, сүт, жумуртка жана жүн өндүрүүнүн көлөмү көбөйдү. Мындай көрсөткүч  малдын көбөйүшү менен байланыштуу. Алсак, 2024-жылдын декабрь айына карата республикада бардык категориялардагы чарбаларында тирүүлөй салмакта 459,6 миң тонна эт өндүрүлдү, бул мурунку жылга салыштырмалуу 11 миң 582 тоннага, же 2,6 пайызга эт көбүрөөк …

Өлкөдө айыл чарба азыктарын өндүрүү көлөмү жогорулады Толугу менен »