DOLON MEDIA

Башкы тема

290 миллион сом өздөштүрүлбөй калган

Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө 1 миллиард 843 миллион 384 миң сом өлчөмүндө салыктар жана башка жыйымдар чогултулуп, план 107,1 пайызга аткарылган. Жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында дубан башчынын орун басары Адыл Сапаров облус боюнча 290 миллион 292 миң сом өздөштүрүлбөй калганын маалымдады. Бул каражаттын 19 млн 979 миң сому Ак-Талаа районуна, 49 млн 254 миң сому …

290 миллион сом өздөштүрүлбөй калган Толугу менен »

Ак-Талаа: Сарык оорусунун 21 учуру катталды

Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылында жыл жаңыргандан бери  гепатиттин А түрүнүн жаңы 21 учуру катталган. Булардын ичинен 11и мектеп окуучулары арасында, калган 10у  айыл тургундары. Нарын район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Ак-Талаа району боюнча жетекчиси Эрлан Бекишовдун маалыматына караганда,  илдет катталган аймакта бардык иш чаралар жүргүзүлүп жатканы менен илдеттин …

Ак-Талаа: Сарык оорусунун 21 учуру катталды Толугу менен »

Ат-Башы: Лапароскоп аппарыты менен үч бейтапка операция жасалды

Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда алгачкы жолу лапароскоп аппарыты менен үч бейтапка операция жасалды. Операция борбор калаадагы клиникалардын мыкты профессор дарыгерлери тарабынан жасалып, ага Ат-Башы райондук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн хирург-дарыгерлеринин жамааты да катышып тажрыйба алышты. Германия өндүрүшүнөн чыккан хирургиялык жабдык калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү, операцияга болгон муктаждыктарды жеңил чечүү максатында Жапон элчилиги …

Ат-Башы: Лапароскоп аппарыты менен үч бейтапка операция жасалды Толугу менен »

НМУда корей тили үйрөтүлөт

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университеттинде корей тили борбору ачылды. Борбор KOICA уюмунун  “Корей тили борборун куруу” долбоору аркылуу ачылып, корей тилин үйрөнүүнү калагандар үчүн жакшы шарт түзүлүп, чыгыш элинин маданияты, тилине таандык буюмдар, улуттук аспаптар жана китептер менен камсыздалган. Борбор үчүн окуу жайдан эки бөлмө берилип, ичи талаптагыдай ремонттон өткөрүлгөн. Бул үчүн  аталган уюм 20 …

НМУда корей тили үйрөтүлөт Толугу менен »

Журналист Нарын Айып дүйнө салды

Белгилүү журналист Нарын Айып 13-февралда Бишкекте 72 жашында дүйнө салды. Ал 7-каналда иштеп жаткан жеринен өзүн жаман сезип, жүрөгү кармап калганы кабарланды. Нарын Айып 1952-жылы 6-ноябрда Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1969-жылы Бишкектеги №44 орто мектепти аяктаган. 1974-жылы Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин бүтүргөн. Ал “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматы, “Res Publiсa” эркин гезити, “Кабар” …

Журналист Нарын Айып дүйнө салды Толугу менен »

Кочкор-Балыкчы жолунун айрым тилкелери жабылат

Балыкчы-Кочкор автомобиль жолунун 37-чакырымынан 44-чакырым аралыгы, тагыраагы Кубакы ашуусунун бурулушуна чейинки жол график боюнча жабылат. Маалыматка караганда, жолдун аталган тилкеси “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” темир жолунун курулушунун алкагында жүрүп жаткан бургулоо жана жардыруу иштерине байланыштуу маал-маалы менен жабылат. Башкача айтканда үстүбүздөгү жылдын 7-февралынан 3-мартка чейин дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү таңкы саат 08:00дөн 17:30га чейин убактылуу жабылып турат. “Айдоочуларды …

Кочкор-Балыкчы жолунун айрым тилкелери жабылат Толугу менен »

Соттордун ишине QR код аркылуу сурамжылоо жүрүүдө

Нарын облустук сот тутумунда QR код аркылуу онлайн-сурамжылоо жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, сурамжылоо жарандар менен соттордун алакасын жакындатып, өз ара мамилелерин аныктоого жардам берет. “Жарандар онлайн сурамжылоого катышуу менен сот кызматкерлеринин мамилеси, сот процесстеринин жүрүшү, сот актыларынын түшүнүктүүлүгү жана башка маселелер боюнча пикирин билдирип, сот ишмердүүлүгүн жакшыртууга …

Соттордун ишине QR код аркылуу сурамжылоо жүрүүдө Толугу менен »

Өрттөн эки бейтап көз жумду, 260 адам эвакуацияланды

Бишкекеги  Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунан чыккан өрттөн жанданыруу бөлүмүндөгү эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев билдирди. Анын айтымында, өрт жер төлөдөн башталып, имаратты түтүн каптаган. “Жандандыруу бөлүмүндөгү бейтаптар операциядан соң өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Өрттөн улам бейтаптар коңшу жайгашкан Кардиология борборунун реанимация бөлүмүнө эвакуацияланган. Бирок, реанимациялык иш-чараларга карабастан эки …

Өрттөн эки бейтап көз жумду, 260 адам эвакуацияланды Толугу менен »

Ат-Башы: “Көл-Суу керемети”. сүрөт баян

Ак-Сай өрөөнүндөгү Көк-Кыя аймагында жайгашкан “Көл-Суу” көлүндө  кыш фестивалы белгиленди. Фестивалга чет элдик меймандар да күбө болуп, муз үстүндө кызыктуу оюн-зооктор көрсөтүлдү. Кыргыз маданияты менен керемет жайды даңазалаган саамалыктын жүрүшүнө улуу “Манас” баянынын үзүндү айтылып, кыргыз бийи аткарылып,  аркан тартыш, жаа атуу, мүнүшкөр салуу сыяктуу улуттук оюндар тартууланып, четтен келген меймандарга кыргыздын улуттук баалуулуктары даңазаланды. …

Ат-Башы: “Көл-Суу керемети”. сүрөт баян Толугу менен »

Кочкор: 20 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Кочкор районундагы 20 гектар жер мамлекетке кайтарылды.  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, министрликке караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгынын доосун Нарын  облусунун соту канааттандырды.  Соттун чечимине ылайык, КР Жер кодексин бузуу менен чыгарылган Кочкор райондук  мамлекеттик  администрациясынын жерди жеке жактарга мыйзамсыз берүү …

Кочкор: 20 гектар жер мамлекетке кайтарылды Толугу менен »