Ат-Башы: Өспүрүмдөр тарабынан жасалган үч кылмыш иши соттун кароосунда турат
Ушул жылдын тогуз айында Ат-Башы районунда өспүрүмдөр тарабынан 4 кылмыш жасалган. Ат-Баш райондук администрациясынын маалыматына таянсак, тергөө амалдарынын жыйынтыктары менен 3 кылмыш иши райондук сотко кароого жиберилген. Ал эми бир иш боюнча КР КЖПКнин 467-беренесинин негизинде сот адилеттигинин тутумунан чыгаруу жөнүндө келишим түзүлгөн.









