DOLON MEDIA

Башкы тема

Облус жетекчиси ун азыктарын кымбаттатпоого чакырды

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарык укуктуу өкулунүн басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Нарындын базарларында бир кап ун сортуна жараша 700-900 сомго чейин кымбаттаса, өзүбүздөн өндүрүлгөн ундар 50-100 сомго чейин кымбаттап кеткен.  Ал эми нан болсо 3 сомдон 5 сомго чейин көтөрүлгөн. Буга байланыштуу облус башчысы Алтынбек Эргешов тиешелүү мекеме жетекчилерине, Нарын шаардык мэриясына, Монополияга каршы кызматына …

Облус жетекчиси ун азыктарын кымбаттатпоого чакырды Толугу менен »

Мектептердин жылуулук тутумдары качан оңдолот?

Нарын шаарындагы  №5 Кычан Жакыпов жана №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектептеринин жылытуу системалары капиталдык ремонттон өткөрүү  жумуштары башталып,  учурда токтоп турат. Бул маселени Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары  Нурбек Сыдыгалиев жана депутаты  Мурадил Сыдыков  жеринде көрдү. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев ремонту токтоп турган эки мектептин жылуулугу убагында берилбей кала турган болсо, …

Мектептердин жылуулук тутумдары качан оңдолот? Толугу менен »

Бакыт Төрөбаев ун темир жолдогу тыгындан улам кымбаттап жатканын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тийиштүү мамлекеттик органдардын жана ун, мунай ташуучулар ассоциацияларынын өкүлдөрү менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Анда Казакстандан чыккан ундун баасынын жогорулашы, күйүүчү, майлоочу майдын баасы талкууланды. Төрөбаев өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин айтып, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап …

Бакыт Төрөбаев ун темир жолдогу тыгындан улам кымбаттап жатканын айтты Толугу менен »

“Чет элдик өкүл” мыйзамы кворум жоктугунан каралбай калды

“Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамы Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде каралбай калды. Мыйзам долбоору бүгүн биринчи окууда каралат деп расмий түрдө күн тартибине кирген, бирок кворум болбой калды. Мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат …

“Чет элдик өкүл” мыйзамы кворум жоктугунан каралбай калды Толугу менен »

Жумгал : Кең-Суу айылына электр жарыгы тартылууда

Жумгал районунун Кең-Суу айылына электр энергиясы киргизилип жатат. Бул үчүн 1 миллион 400 миң сомго 90 даана электр мамычасы  сатып алынып,  жерине жеткирилип берилген. Мындан сырткары Нарын облусунун “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 6 миллион сом бөлүнүп,  учурда керектүү жабдууларын сатып алуу  иштери жүрүп жатат. Тагыраак айтканда, Казакстандан 16,5 метрлик 9 электр мамычасы алынып келинет. Ал …

Жумгал : Кең-Суу айылына электр жарыгы тартылууда Толугу менен »

Репрессия курмандыктарын актоо мыйзам долбоору парламент комитетинен өттү

Бүгүн  18-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Кыргызстанда советтик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү. Долбоордун авторлорунун бири, депутат Жанарбек Акаев мыйзам кабыл алынса, советтик репрессиянын курмандыктарын актоо үчүн атайын комиссия түзүлө турганын айтты. Кыргызстанда советтик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоору 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана …

Репрессия курмандыктарын актоо мыйзам долбоору парламент комитетинен өттү Толугу менен »

Түркияда тик учак кулап, кыргыз жараны ооруканага түштү, экөө изделүүдө

Түркияда өрт өчүрүүгө тартылган тик учак кырсыкка кабылып, ичиндеги кыргыз жараны ооруканага түштү, дагы экөө дайынсыз болууда. Бул тууралуу 17-сентябрда Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу билдирди. Окуя 16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) болгону, токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасына кулап түшкөнү маалымдалды. “Түркия Республикасынын Айыл жана токой чарба …

Түркияда тик учак кулап, кыргыз жараны ооруканага түштү, экөө изделүүдө Толугу менен »

“Хан Тенгри-Аква” ден соолукту чыңдоо борбору курулат

Нарын шаарына заманбап шарттары  менен “Хан Тенгри-Аква” ден соолукту чыңдоо борбору жарым олимпиадалык  бассейни менен салынат.  Акыркы үлгүдөгү, жашыл технологияны колдонуп,  эл аралык стандарттарга ылайык  курулган бассейнде эң негизгиси суунун тазалыгын жана жылуулугун камсыздоо ыкмалары колдонулат. Бул тууралуу Нарын шардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы наркы 80 миллион сомдук заманбап типтеги бассейин куруу долбоору ишкерТаалай …

“Хан Тенгри-Аква” ден соолукту чыңдоо борбору курулат Толугу менен »

Мыйзамсыз ээлеп алган жерлер кайтарылууда

Нарын шаарында өзүм билемдик менен ээлеп алып ар кандай курулуштар курулган жерлер мыйзам чегинде бошотулууда. Буга чейин шаардын 3 миңге жакын тургундарынан мындай жерлер аныкталып, натыйжада 3 миң 860 чарчы метр жер аянтындагы курулуштар бузулуп, баштапкы абалына келтирилди. Жумуштар Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калккка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылууда. Ишкананын салык …

Мыйзамсыз ээлеп алган жерлер кайтарылууда Толугу менен »

А.Апсалиева: “Акча чогултуу фактысы аныкталса сөзсүз жаза берилет”

Билим уяларында  “Акыркы коңгуроо” салтанаттары 25-майда бир мезгилде өтөт.  Ал эми тиешелүү буйруктарга ылайык, таң тосуу, кафеге баруу, жаратылышка чыгуу  салтанаттарын  өткөрүүгө, акча чогултуу,  мугалимдерге белек берүү сыяктуу иш-чараларды уюштурууга Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык тыюу салынды. Министрликтин буйругунун негизинде облустук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү жана ар бир мектеп ички буйруктарын чыгарып, педагогикалык …

А.Апсалиева: “Акча чогултуу фактысы аныкталса сөзсүз жаза берилет” Толугу менен »