DOLON MEDIA

Башкы тема

Кара алтын баасы канчадан?

Нарын облусу боюнча быйыл күз-кыш мезгилине жалпы 127 миң 911 тонна көмүр отуну керектелет. Анын ичинен 92 миң 400 тоннасы элдин муктаждыгы болсо, 32 миң 511 тонна бюджеттик мекемелердин керектөөсү. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн  Экономика жана регилонду өнүктүрүү бөлүмүнүн бөлүм башчысы Элмира Турганбаева бүгүнкү күнгө карата бюджеттик мекемелер 89 пайыз көмүр менен камсыздалганын …

Кара алтын баасы канчадан? Толугу менен »

Азык-түлүк жарманкеси өтөт

Ушул жылдын 21-22-октябрь күңдөрү Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта азык-түлүк жарманкеси өтөт. Айыл чарба продукцияларын дүң баада сатуу менен  калкты арзан азык-түлүк менен камсыздоо максатында  Нарын шаардык Кеңеши жана Нарын шаардык мэриясы биргелешип уюштурууда. Шаардык кеңештен билдиришкендей, жарманкеге калаага жакын жайгашкан райондорунун дыйкан-фермерлери өздөрү өндүргөн  картошка, сабиз, пияз сыяктуу айыл-чарба азыктарын алып чыгышат.  Мындан …

Азык-түлүк жарманкеси өтөт Толугу менен »

Нарын: Өрнөк айылында Кыргызстандын Туусу көтөрүлдү

Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу Өрнөк айылында КР Туусу  салтанаттуу көтөрүлдү. Салтанатка облус башчынын орун басары Адыл Сапаров, район акими Нуридин Мадимаров, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, айыл өкмөт башчылары жана жеке ишкерлер катышты. Бийиктиги 30 метрди түзгөн флагшток Миң-Булак, Өрнөк жана Куйбышев айылдарынын жашоочуларынын демилгеси менен орнотулуп, жалпы 500 миң сом сарпталган.  Айланасына …

Нарын: Өрнөк айылында Кыргызстандын Туусу көтөрүлдү Толугу менен »

Нарын: Куйбышевде мык чыгарыла баштады

Миң-Булак айыл аймагындагы Куйбышев айылында мык чыгаруучу цех ишке берилди. Учурда цехкке үч станок коюлуп  60,100, 120 өлчөмүндөгү үч түрлүү  мык өндүрүлө баштады. Цехтин башчысы, жеке ишкер  Самат Артыкбековдун айтымында, үч станок иштегенде күнүнө 1500 тоннага чейин мык чыгарууга мүмкүнчүлүк бар. Бул долбоор  “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондусунан 3 миллиион сомго каржыланып, керектүү станоктор алынган. Ал …

Нарын: Куйбышевде мык чыгарыла баштады Толугу менен »

Кыргыз-тажик делегация башчылары чек ара боюнча протоколго кол коюшту

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 2-октябрда Баткенде өткөн кыргыз-тажик чек арасы боюнча жолугушуу тууралуу маалымат берди. Анда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги биргелешкен жыйыны өткөнү, аларды эки мамлекеттин Улуттук коопсуздук комитеттеринин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жетектегени жазылган. Алар кыргыз-тажик чек арасында калган тилкелерди андан ары баяндап жазууну активдештирүү …

Кыргыз-тажик делегация башчылары чек ара боюнча протоколго кол коюшту Толугу менен »

Акылбек Жапаров Нарында болуп, көмүр казуу иштери, кышка даярдык менен таанышты

Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапардан сон 1-октябрда,  Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан Кара-Кече көмүр кесиминдеги  Энергетика министрлигине караштуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасына таандык “Борбордук” участкасына барды. Ал жерден көмүр казуучулар менен кенешме өткөрдү. Көмүр казууда коопсуздук чараларын эске алуу менен, экологиялык –техникалык нормаларды сактоо керектигин белгилеген А. Жапаров көмүр казуу …

Акылбек Жапаров Нарында болуп, көмүр казуу иштери, кышка даярдык менен таанышты Толугу менен »

Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдыгы өтүүдө

Бүгүн 2-октябрда Нарын облусунун Кочкор районунда, кыргыз тарыхында атактуу орду бар,  Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдыгы белгиленүүдө. Анын алкагында бир топ иш чаралар мерчемделген. Нарын облустук “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунан 7 млн сом бөлүнүп Ормон Ханга эстелик тургузулду. Кочкор районунун Семиз-Бел айылында 1 гектар жер трансформациядан өтүп, Ормон Хан ордосу курулду. Эстелик ошол жерге …

Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдыгы өтүүдө Толугу менен »

Нарын облусунда Ормон Хан Ниязбек уулунуну 230 жылдыгы белгиленет

2-октябрда Нарын облусунун Кочкор районунда  Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Президенттин өкүлү Алтынбек Эргешов мааракеге даярдык иштери менен таанышып, иш кызуу жүрүүдө. Мааракенин алкагында Кочкор районундагы Ормон Хан паркын реконструкциялоо, М.Садыков атындагы стадионду капиталдык ремонттон өткөрүү, Семиз-Бел айылына флагштог орнотуу жана туристтик айыл куруу, Ормон …

Нарын облусунда Ормон Хан Ниязбек уулунуну 230 жылдыгы белгиленет Толугу менен »

Владимир Путин 15-октябрда Бишкекке келет

Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстанга 15-октябрда келет. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сапар тууралуу маалыматты ырастады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Путин Беларус президенти Александр Лукашенко менен да эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Мурдараак Беларустун президенти Александр Лукашенко дүйшөмбү күнү Путин менен телефондо сүйлөшкөнүн, 15-октябрда ал Кыргызстанда Путин менен жолугушууну пландап жатаканын кабарлаган. “Биз президенттин …

Владимир Путин 15-октябрда Бишкекке келет Толугу менен »

Президент Жапаров тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын жарыялады

Президент Садыр Жапаров 2023-2027-жылдарды Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын жарыялоо жарлыгын чыгарды. Бул тууралуу маалымат кече мамлекет башчынын сайтына жарыяланды. Жарлык өлкөнүн экологиялык, экономикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну, климаттын туруктуулугун жогорулатууну, жаратылыш мурастарын сактоону көздөйт. Анын алкагында тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын даярдоо жана өткөрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлүп, бул багытта Нурлан Айтмурзаев …

Президент Жапаров тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын жарыялады Толугу менен »