Ак-Талаа: Таза суу долбоору башталды
Баетов айылында “Таза суу” долбоору башталып, учурда Кубан Карагулов атындагы көчөдө траншея казуу иштери жүрүүдө. Аталган айыл өкмөттүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Мадина Мыдыкееванын маалыматына караганда, Баетов айыл өкмөтүнүн З. Ашырбаева көчөсүнүн күн чыгыш тарабына 80 метр тереңдикте 1 скважина казылып бүтүп, өткөрүлүп алынды. “Мындан сырткары БСР тарапка суу тартуу үчүн траншея казылып …