Нарын шаарында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жумуштары башталды. Бүгүн, 26-мартта 400дөн ашык ак кайыңдын көчөттөрү “Жээк” аллеясына отургузулду.
2 миң ар кандай бак-дарактын көчөттөрү Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы токой чарбадан МSDSPKG коомдук уюмунун “Жашылдандыруу жана токойлорду кеңейтүү” долбоорунун алкагында алынып келинген.
Долбоордун максаты -климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу экологиялык проблеммаларды чечүү жана жаратылыш кырсыктарын алдын алуу. Бул долбоор менен өткөн жылы Нарын шаарына 5 миң көчөт тигилген.
Ал эми калаа башчысы Канболот Тутуев быйыл дагы 10 миндей ак кайыңдын көчөттөрүн тигүү мерчемделип жатканын билдирип, өткөн жылы отургузулган 10 миң көчөттүн 98 пайызы өскөнүн кошумчалады.