DOLON MEDIA

Быйыл Кыргызстандыктарга ажылык үчүн 6060 квота берилди

Кыргызстанга 2025-жылкы ажылык үчүн 6060 квота бөлүндү. Бул тууралуу маалымматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жарыялады.

Маалыматка караганда, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз Закиров Сауд Араб  Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары  Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуп, ажылык сапарды уюштуруу, кыргызстандык ажылардын жатакана шарттары, тамак-ашы жана ыйык жерлердеги ибадаттарын уюштуруу маселелерин талкуулашкан.

Жыйынтыгында тараптар 2025-жылдагы ажылык иштерин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюп, Кыргызстанга 6060 ажылык квота берилгенин жарыялашкан.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.