DOLON MEDIA

Бухарада абаны булгаганы үчүн 117 аткаминер жазаланды

Жыл башынан бери Бухара облусунда абанын булганышына күнөөлүү деп табылган 117 аткаминер жоопко тартылды. Мыйзам бузгандар курулуш калдыктарын жана башка таштандыларды, талааларда жана эл жашаган аймактарда жалбырактарды жана отоо чөптү өрттөшкөн. Бул тууралуу Өзбекстандын Экология, курчап турган чөйрөнү коргоо жана климаттык өзгөрүү министрлиги билдирди.

Мыйзам бузуу жергиликтүү экология департаменти жүргүзүгөн рейддердин жүрүшүндө аныкталган. 9 айда 1356 укук бузуу катталса, анын 117си кызмат адамдары тарабынан жасалган. Тартип бузгандарга административдик протоколдор түзүлүп, жалпысынан 332 миллион сум (26 миң долларга жакын) айып салынган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.