DOLON MEDIA

БШК байкоочуларды аккредатциядан өткөрүүдө

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдиргендей, БШК бүгүн 12-ноябрда 170 эл аралык байкоочуга аккреддитация берди. Алар 30-ноябрда өлкөбүздө өтө туруучу КР Жогорку Кеңешине мөөнөтүнөн мурда боло турган депутаттык шайлоого байкоо салышат. Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомуна ылайык, эл аралык байкоочу катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү аккредитацияланды:

Болгариянын Борбордук шайлоо комиссиясы;

Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясы;

Беларус Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы;

Египеттин Улуттук шайлоо комиссиясы;

Ислам кызматташтык уюму;

Кытай Эл Республикасынын Элчилиги;

Америка Кошмо Штаттарынын Элчилиги;

Япониянын Элчилиги;

Венгриянын Элчилиги;

Улуу Британиянын Элчилиги;

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу;

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) байкоочулар миссиясы;

Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясы;

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясы;

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Межпарламенттик ассамблеясы;

Коллективдүү коопсуздук келишим уюмунун (КККУ) парламенттик ассамблеясы.

Учурда Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна жалпысынан 297 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.