Нарын облусунда бруцеллез оорусу көбөйгөн. Бул тууралуу өкүлдүн орун басары Адыл Сапаров коллегияда билдирди.
Анын маалыматында, малдын жугуштуу ооруларына карата эмдөө иштери жакшы жүрбөгөндүктөн тогуз айда аталган дарттын 208 учуру катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 47 учурга көп. Алсак, Ак-Талаа районунда 21, Ат-Башыда 22, Нарын шаарында 18 учурга көп катталган.
Ошондой эле Ат-Башы районунда малга сибирь жарасына өз убагында эмдөө жүргүзүлбөгөндүктөн ылаңдын үч учуру катталган. Мындан тышкары, Ак-Талаа, Жумгал жана Нарын райондорунда шарп оорусуна карата эмдөө боюнча план толук аткарылган эмес.