DOLON MEDIA

Бишкектик догдурлар Нарында


Үстүбүздөгү жылдын 18-22-апрель аралыгында Бишкектен келген дарыгерлер Нарын шаарынын жана Нарын районунун жашоочуларын акысыз көрүшөт. Бул маалымат Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан алынды. Догдурлар Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун кабыл алуу бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт (мурдагы райондук оорукана). Курамында онко-гинеколог, онко-маммолог, эндокринолог,гастроэнтеролог жана онколог бар, алардын кабыл алуусуна кирүү үчүн алгач кабылдамадан тиешелүү дарыгерге талон жаздырып алып, кезегиниз келгенде киресиз.

Эске салсак, жакында эле Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын уюштуруусу менен мындай медициналык текшерүү Жумгал районунун Мин-Куш шаарчасында да жүргүзүлдү.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.