Кыргыздын белгилүү спортчусу Айсулуу Тыныбекова турмушка чыкты. Үйлөнүү үлпөт тою 15-январда Бишкектеги тойконалардын биринде өттү.
Ал “Сүйүү бул жеңиш” деп жазып, үлпөт тоюндагы видеолор менен социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.
Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери Айсулуу Тыныбекова 31 жашта. Ал Азиянын алты жолку, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, 2021-жылы Токиодогу Олимпиадасында күмүш байгеге, ал эми 2024-жылы Париж Олимпиадасында коло байгеге татыган.