Нарын шаары боюнча 70 жаштан 100 жашка чейинки курактагы 1 миң 742 улгайган адам бар. Алардын ичинен 351и 80 жаштан 100 жашка чейинкилер.
Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, жергиликтүү бюджеттен жалгыз бой, аз камсыз, үйүнөн тейлөөгө муктаж болгон 16 кары адамга миң сомдон материалдык колдоолор берилди. Ошондой эле 80 жаштан 90 жашка чейинки 97 карыга 500, 97 жаштан 100 жашка чейинки 29 улгайган адамдарга миң сомдон акчалай колдоо, таратылып жатат.