DOLON MEDIA

Аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыялар берилүүдө

Өлкөнүн Каржы министрлиги 2022-2026-жылдарга Кыргызстанда аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу багытында бир катар долбоорлорду  ишке ашырды. Долбоорлор Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкы тарабынан каржыланууда.

Бул долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Министрлер кабинетинин Кризиске каршы планын ишке ашыруу максатында жеке ишкерлерди жана ишканаларды колдоого багытталып, пайызсыз насыяларды берүүгө 109 миллион доллар бөлүнгөн.

Маалыматка караганда ушул жылдын  1-январына карата 11 миң 269 ишкер жана ишканаларга коммерциялык банктар аркылуу 8,5 млрд сомго жакын каражаттар берилген. Насыя алуучулардын 60 пайызын айым ишкерлер түзөт. Акча  3 миллион сомго чейин, 3 жылдык мөөнөткө  үстөксүз берилет.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.