DOLON MEDIA

Author name: Мирлан Кадыров

Г. Кенжекараева: “Турист тоскон ишкерлер экология жаатындагы маалыматка, окутууга муктаж”

Каарманым Гулира Кенжекараева акыркы 10 жылдан ашык Нарын жергесинде турист тосуп иштейт. Алгачкылардан болуп Көл-Суу каттамын да ачкан. Учурда Ат-Башы районунун аймагында жайгашкан аталган жерден туристтер жайы-кышы үзүлбөйт. Гулира Кенжекарева Коомчулукка негизделген туризм асоссациясынын директору, Нарын облустук Теңир Тоо дестинациясынын аткаруучу директору анын айтымында турист тоскондор үчүн экологиялык, эко система, жаратылышты коргоо боюнча маалыматтар жетишсиз. …

Г. Кенжекараева: “Турист тоскон ишкерлер экология жаатындагы маалыматка, окутууга муктаж” Толугу менен »

Нарында күчү 4.5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 31-мартта, саат 13:25 чамасында Нарын облусунда жер титиреди. КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, Нарын облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат.

Дүйнөнүн 65 өлкөсүн суктандырган Теңир-Тоо

Туризм – жер шарынын көптөгөн өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн маанилүү тармактардын бири. Туризм индустриясын калыптандырууга жана өнүктүрүүгө жыл сайын жаңылык кошуп, саякатчыларды тартып аны менен Кыргызстандын кооз жерлерин, кыргыз маданиятын, каада-салтын чет элдиктерге даңазалоо максатында акыркы жылдары арбын каражаттар бөлүнүүдө. Билинбегени менен бир жыл ичинде Нарын облусуна туристтердин дүйнөнүн 65 өлкөсүнөн келиши Нарындын туризм …

Дүйнөнүн 65 өлкөсүн суктандырган Теңир-Тоо Толугу менен »

Театр – элдин руханий байлыгы

Ж.Коңурбаева атындагы Нарын шаардык китепканасы, 27-март Эл аралык театр күнүнө  карата “Театр – элдин  руханий байлыгы” деп аталган ачык эшиктер күнүн өткөрүштү. М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык дарама театырынын өнөрпоздору чакырылган иш-чара “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү  жана дене тарбиясы” жөнүндөгү,”Улуттук нарк”,”Улуттук дем-уңгу жол” Жарлыктарынын алкагында уюштурулуп,  ыр-күүлөр менен коштолду. Маданий иш-чара көңүлдү эргиткен ыр-күүлөрү, сахнадагы актёрдук …

Театр – элдин руханий байлыгы Толугу менен »

Дөңгөлөк үстүндөгү театрга 88 жыл

М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрына быйыл 88 жыл толот. 1937- жылы 5-октябрда Кыргыз ССРнин Эл Комиссарлар Кеңешинин  чечими менен Нарында колхоз- совхоз театры уюшулуп, эң алгачкылардан болуп  К.Токобаевдин  “Кайгылуу Какей”, 1938-жылы Ж.Турусбековдун “Ажал ордуна” музыкалуу спектакли коюлган. 1939-жылы Москвада болуп өткөн кыргыз адабияты менен искусствосу декадасынан кийин  Жумгал жана Нарын  колхоз …

Дөңгөлөк үстүндөгү театрга 88 жыл Толугу менен »

Ат-Башы: Өзгөчө кырдаал жарыяланды

Катуу шамалга байланыштуу Ат-Башы районунда Өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Эрнес Дыйканбаев билдирди. Анын айтымында, аталган райондо шамалдын күчү 23 метр секундан ашып, Терек-Суу айылынан эки, Калинин айылында бир үйдүн, Торугарттагы  Котур-Таш чек ара заставасынын чатырын алып, бир оор жүк ташуучу унааны, эки чиркегичин оордарып кеткен. “Шамалдын күчү  …

Ат-Башы: Өзгөчө кырдаал жарыяланды Толугу менен »

Быйыл Нарын шаарына 10 миң көчөт тигилет

Нарын шаарында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жумуштары башталды. Бүгүн, 26-мартта 400дөн ашык ак кайыңдын көчөттөрү  “Жээк” аллеясына отургузулду. 2 миң ар кандай бак-дарактын көчөттөрү Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы токой чарбадан МSDSPKG коомдук уюмунун “Жашылдандыруу жана токойлорду кеңейтүү” долбоорунун  алкагында алынып келинген. Долбоордун максаты -климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу экологиялык проблеммаларды  чечүү жана жаратылыш кырсыктарын алдын алуу. Бул долбоор …

Быйыл Нарын шаарына 10 миң көчөт тигилет Толугу менен »

“Ала-Тоо” стадиону эл аралык стандартта реконструкцияланат

Нарын шаарындагы “Ала-Тоо” стадиону эл аралык стандарттар менен  заман талабына ылайык рекнострукцияланат. Буга чейин стадиондун чек аралары такталып, С.Орозбаков көчөсү тарабындагы муниципалдык жерлер ижарадан кайтарылып алынып, ээлери тарабынан  бузулуп, учурда стадионду куруу иштерине даярдык көрүлүүдө. “Кыргыз футбол биримдиги тарабынан республика боюнча стадиондорго көңүл бурулуп,  кайра куруу иштери башталды. Алардын катарында биздин “Алат-Тоо” стадиону дагы бар. …

“Ала-Тоо” стадиону эл аралык стандартта реконструкцияланат Толугу менен »

“Жээк” аллеясынын долбоору даярдалды

Нарын шаарынын 64 аймагына  Нарын дарыясынын түштүк  жээгин бойлой салына турган “Жээк” аллеясынын долбоору даярдалды. Долбоордун эскиздик чиймеси Нарын курулуш мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалды. Бул долбоор өткөн жылы салынган  “Жээк” аллеясынын уландысы. Долбоор республиалык бюджеттин эсебинен Нарын шаарын өнүктүрүү максатында бөлүнгөн каражаттын эсебинен курулат. Учурда “”Жээк” аллеясы курула турган жер тилкесиндеги мыйзамсыз курулуштар алынып, ордун …

“Жээк” аллеясынын долбоору даярдалды Толугу менен »

Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирет

Кыргызстанда ушул жылдын 1-майынан тарта электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирет. Электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү бардык керектөөчүлөргө таасирин тийгизет. Тарифтердин көтөрүлүшүнүн себептери Буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев тарифтердин жогорулашына бир нече факторлор, анын ичинде инфляция, энергетикалык ресурстарга жана жабдууларга болгон баанын өсүшү себеп болгонун билдирген. Учурда өлкөдө тарифтер Борбор Азиядагы эң төмөнкү тарифтердин …

Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирет Толугу менен »