Жолбун иттер жок кылына баштады
Нарын шаарында жолбун иттер атыла баштады. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдирди. Мындай иш-чара жыл сайын кыш келип, суук түшкөндө уюштурулуп, кароосуз жүргөн ит- мышыктарды жок кылынат. Максат- адамдардын, айрыкча балдардын коопсуздугун сактоо менен ит-мышыктардан жугуучу ар кандай ооруларды алдын алуу.