DOLON MEDIA

Ат-Башы: Жарманкеде арашан кой 10 миң долларга бааланды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда арашан койлордун республикалык жарменкеси өтүп, анда арашан тукумундагы  койдун эң жогоркусу 10 миң долларга бааланды.

Аталган жарманке сандан сапатка өтүү максатында райондук бийликтин демилгеси менен уюштурулуп,  жалпы 500дөн ашуун кой көргөзмө сатыкка чыгарылды.

Районундук айыл чарба департаментинин башчысы Кенжебек Качкынбаевдин айтуусунда, элди асыл тукум койлорду багууга кызыктыруу, малдын асылдуулугун көтөрүү максатында арашан койлордун жарманкесин быйыл биринчи жолу республикалык деңгээлде уюштурулган.

Жарменкеге Ысык-Көл, Чүй облусунан, Бишкек шаарынан  жана Нарын дубанынан фермерлер асыл тукум койлорун алып келишкен. Кардарлар көбүнчө 30 миң сомдон 70 миң сомго чейинки козу кочкорлорду сатып алышты.

Статистикалык маалымат боюнча Ат-Башы районунда 270 миңден ашуун кой каттоого алынган. Анын ичинен 470 баш арашан багытындагы кой. Мындан тышкары Кочкор районунда 4 чарбада 800 кой, Жумгал районунда 1 чарбада 200 баш кой бар.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.