DOLON MEDIA

Ат-Башы: Унутта калган азыктар көргөзмөдө

Кыргыз элинин унутта калып бараткан “Көжө”, “Эжигей”, “Той шербет”, “Калыгул жарма”, “Шырылдак сорпо”, “Жуурат” деген улуттук тамак-аштары жана суусундуктары Босого жайлоосунда өткөн “Кыргыз даамы-2024” этнофестивалы алкагында көргөзмөгө коюлуп калыстардын сынынан өттү.

Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү Ырысбүбү Мөндүрбаева былтыркы жылга караганда быйыл сынакка катышкандар изденип, улуттук тамак-аштардын изилдеп, унутта калып бараткандарын жасап келгенге аракет кылышкан билдирди.

Анын айтымында, ар бир айыл өкмөт 200гө чейин тамактын түрлөрүн алып келишсе, жобого ылайык алардын ичинен, нукура азыктар менен жасалган улуттук тамак-аштар тандоого коюлган. Алсак, Ат-Башы айыл өкмөтү 96, Баш-Кайыңды айыл өкмөтү 52, Кара-Суу айыл өкмөтү 95, Казыбек айыл өкмөтү 90, Ак-Моюн айыл өкмөтү 139 улуттук тамак-аштардын түрүн жасап келишкен.

“Көргөзмөгө дүкөндөн сатылып алынган тамак-аштар дагы коюлуптур, даамдардын 200 ашык түрүн жасап келгендер болду. Бирок комиссия накта, нукура азыктан жасалган улуттук тамак-аштарды тандадык. Изденүүчүлүк менен колго эмгектенип жасап келгендерге артыкчылык берилди. Мен былтыр дагы комиссияда элем, “Эжигей”, “Көжө” болгон эмес. Быйыл жасап келишиптир. “Той шербет”, “Шырылдак сорпо” деген тамактарды биринчи ооз тийдим. “Калыгул жарма” деген бар. Булардын бардыгы унутта калып жасалбай калган. Уйдун, эчкинин сүтү, андан жасалган сүт азыктары, кымыздын эле тогуз түрү, куруттун беш-алты түрү, боз үйдүн, комуздун формасында токочтордун түрү, сорпонун эле талкан, кымыз, айран  кошулган төрт-беш түрүн алып келишти.

Көргөзмөдөгү дагы бир өзгөчөлүк, Ак-Моюн айыл өкмөтү дан азыктарынан жасалган тамактарды, камырдан жасалган табактарга салып келишиптир. Бул сынактын өзгөчөлүгү болду. Бардык айыл өкмөттөр өзгөчө изденип даярданып келишиптир”,-деди ал.

Маалымат үчүн белгилесек, Президенттин “Улуттук нарк” жөнүндөгү Жарлыгынын алкагында уюштурулган “кыргыз даамы-2024” фестивалында кыргыздарын улуттук ашканасын сактоо жана даңазалоо максатында уюштурулган улуттук тамак-аш көргөзмөсүндө 1-орунду Ак-Моюн айыл өкмөтү алып 30 миң сом, 2-орунду Ат-Башы айыл аймагы ээлеп 25 миң сом, 3-орунга Кара-Суу айыл өкмөтү татып 20 миң сомдук сыйлыктарды алышты.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.