DOLON MEDIA

Ат-Башы: “Үлгүлүү көчө” бол! Байге 100 миң сом

Ат-Башы айыл өкмөтү айылдарды таштандылардан арылтуу жана айлана-чөйрөнү ирээтке келтирүү максатында 1-марттан тарта үч айлык, ал эми Ат-Башы, Ак-Жар жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосунда “Үлгүлүү көчө” сынагын жарыялады.

Ага ылайык көчөлөр, жол боюндагы арыктар таштандылардан тазаланып, короо тосмолору, дарбазалар, күркөлөр, электр мамылары  акталып, сырдалышы зарыл. Ошондой эле ар бир квартал миңден кем эмес  ар кандай бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуп, гүлдөрдү айдап жашылдандыруу керек.

Сынактын байге фонду 100 миң сомду түзүп, үч айлыктын жыйынтыгы менен атайын түзүлгөн комиссия жеңүүчүлөрдү аныктайт.

Сынактын алкагында “антирейтинг” дагы эске алынып,  булганыч көчө жана ошол көчөдө жашаган кайдыгер жарандар да аныкталмакчы.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.