Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда алгачкы жолу лапароскоп аппарыты менен үч бейтаптын өтүнө операция жасалды.
Операция борбор калаадагы клиникалардын мыкты профессор дарыгерлери тарабынан жасалып, ага Ат-Башы райондук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн хирург-дарыгерлеринин жамааты да катышып тажрыйба алышты.
Германия өндүрүшүнөн чыккан хирургиялык жабдык калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү, операцияга болгон муктаждыктарды жеңил чечүү максатында Жапон элчилиги аркылуу 7 миллион 6 миң сомго алынып берилген.