DOLON MEDIA

Ат-Башы: Өзгөчө кырдаал жарыяланды

Катуу шамалга байланыштуу Ат-Башы районунда Өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Эрнес Дыйканбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган райондо шамалдын күчү 23 метр секундан ашып, Терек-Суу айылынан эки, Калинин айылында бир үйдүн, Торугарттагы  Котур-Таш чек ара заставасынын чатырын алып, бир оор жүк ташуучу унааны, эки чиркегичин оордарып кеткен.

“Шамалдын күчү  23-25 метер секундага  жеткенде өзгөчө кырдаал жарыялаганга негиз болуп бергендиктен, Ат-Башы районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Катуу шамал оор жүк ташуучу бир унааны жана эки чиркегичти кулаткан. Учурда жеринде өзгөчө кырлаалдардын  кесепеттрин жоюу боюнча ыкчам топ иштеп жатат. Жыгылган техникаларды калыбына келтирүү үчүн кран тартылды. Азыр  ал жактагы айдоочулардын, чек арачылардын коопсуздугу көзөмөлдө. Бул шамалдан  адам өмүрүнө коркунуч келген учурлар катталган жок”,- деди Э.Дыйканбаев.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.