Ат-Башы айылынын тургуну, 6 баланын энеси Асыл Токон кызы “Социалдык келишим” долбоору аркылуу чакан бизнес баштап, эки жыл аралыгында миллион сомдук кирешеге чыкты.
Ал 2022-жылы мамлекеттен 100 миң сом кайтарымсыз жардам алып, үйүндө чакан бөлмөгө кондитердик цех ачып, печенье, булочка, ачыткысыз нан, бөлкө чыгарып дүкөндөргө таратат. Учурда цехте 5 адамды иш менен камсыздап, айына 60 миңден 100 миң сомго чейин таза киреше алып келүүдө.
Ошондой эле мамлекет тарабынан берилген пайызсыз насыяга цехке керектүү жабдууларды сатып алган. Ал атайын кесиптик окуулардан өтүп, учурда өндүрүштү кеңейтип, кошумча жумуш орундарын түзүү максатын көздөөдө.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабиров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Асыл Токон кызынын чакан ишканасы менен жеринен таанышып, анын аракетин жогору баалады.
Ал эми дубан башчынын орун басары Шабдан Абдырайым уулу ишкерге “Теңир Тоо” өнүктүрүү фонду аркылуу төмөн пайызда насыя берилерин билдирип, жакын арада муздаткыч жана сыналгы белек кылынарын убадалады.
2022–2024-жылдар аралыгында Ат-Башы районунда 328 үй-бүлө “Социалдык келишим” долбооруна катышкан. Анын ичинен бир катар үй-бүлөлөр жылдык кирешеси миллион сомдон ашкан деңгээлге жетишкен.