Ак-Сай өрөөнүндөгү Көк-Кыя аймагында жайгашкан “Көл-Суу” көлүндө кыш фестивалы белгиленди. Фестивалга чет элдик меймандар да күбө болуп, муз үстүндө кызыктуу оюн-зооктор көрсөтүлдү. Кыргыз маданияты менен керемет жайды даңазалаган саамалыктын жүрүшүнө улуу “Манас” баянынын үзүндү айтылып, кыргыз бийи аткарылып, аркан тартыш, жаа атуу, мүнүшкөр салуу сыяктуу улуттук оюндар тартууланып, четтен келген меймандарга кыргыздын улуттук баалуулуктары даңазаланды.
Ат-Башыда туристтерге кызык болгон тарыхый-маданий жайлар арбын болгондуктан аймактын туристтик мүмкүнчүлүгү жогору. Алсак, 2024-жылы район туризмден жалпы 7 млн сомго жакын киреше тапкан.