DOLON MEDIA

Ат-Башы: Элеттик мугалим “Мыкты  математика мугалими” аталды

Республикалык сынакта “Мыкты математика мугалими” наамын алыскы Ат-Башы районунун А.Осмоналиев атындагы орто мектебинин математика мугалими Бүбүайша Жумукова жеңип алды.  Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен алынды.

Бүбүайша Жумукова агартуу тармагында 22 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Жеңүүчү жаштайынан математика илимине кызыгып, Кыргыз улуттук университетинин эсеп, экономика жана Нарын мамлекеттик университетинин информатика факультетин аяктаган. Мугалимдик кесипке чейин кесиби аркылуу иштеп көргөн. Бирок өзүн бул тармактан таба алган эмес. Ошондон кийин НМУнун математика факультетинен окуп, өзү билим алган мектепке мугалим катары жумушка кирген.

Сынакта Бүбүайша Жумукова 9-класстарга мастер-класс жана 11-класстын окуучуларына алгебра сабагын өттү. Сабак өтүүдө жөнөкөйдөн татаалды көздөй үйрөтүүгө басым жасап, заман талабына ылайык ыкмаларды колдонду. Себеби биринчи балдарды кызыктырып алуу керек дейт. Окуучулар алган билимин жашоодо да колдоно ала тургандай сабак өтөт.

Сабакка өз окуучулары эмес, №67 окуу-тарбия комплексинин окуучулары катышкандыктан, алар сабакты кандай кабыл алат деп сарсанаа болгон. Бирок окуучулар сабакка өзгөчө кызыгуу менен катышып, жактырган. Билимине, тажрыйбасына ишенген мугалим сынакка да “баары өзүмдүн колумдан келет” деген чоң ишеним менен жалгыз келген.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.