DOLON MEDIA

Ат-Башы: Босогодо кыргыз салттары көргөзүлдү

“Тушоо кесүү”, “Келин алуу”,”Бала бешикке” салуу сыяктуу кыргыз салттары Босого жайлоосунда өтүп жаткан кош фестиваль алкагында көрсөтүлдү.

Алсак, Ат-Башы районундагы беш айыл өкмөтү “Тушоо кесүү”, “Келин алуу”, “Бала бешикке” салуу сыяктуу беш салтты  көрсөтүп, келген меймандардан бата алышты. Ошондой эле бул салттар жана беш бармак даярдоо калыстардын санына коюлду.

Бул салттар Босого жайлоосунда өткөн “Кыргыз көчү-2024” жана “Кыргыз даамы-2024” этнофестивалдарынын алкагында көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, фестиваль алкагында кыргыз уздарынын колунан даярдалган буюм-тайымдардын  көргөзмөлөрү уюштурулган. Ошондой эле, унутта калып бараткан “көжө”, “жан азык”, төө жана уй үстүнөн даярдалган “эжигей” сыяктуу ата-бабалардын жол азыгы болуп келген кыргыз даамдарынын 200дөн ашык түрү, эттен даярдалган бир нече даамдар жана токочтун түрдөрү көргөзмөдөн орун алды. Учурда Казакстан Республикасынан келген өнөр адамдары концерттик программа тартуулап жатышат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.